Финансы полициясы: Ошто салыктан качкан автомектептер аныкталды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАвтомектеп унаасы. Архив
Автомектеп унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшере келгенде автомектептердин "Инфоком" ишканасына айдоочулук күбөлүк алган курсанттар жөнүндө берген маалыматтары менен Салык кызматынын маалыматында айырмачылык чыгып калган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бетин ачты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

"Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы автомектептердин "Инфоком" мамлекеттик ишканасына айдоочулук күбөлүк алган курсанттар жөнүндө берген маалыматтары менен Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында айырмачылык чыгып калды. Натыйжада "А.П." ЖЧКнын автомектептеринин бири эле мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтиргени белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Учурда республиканын бардык аймактарында бюджетке акча кайтаруу үчүн ушул сыяктуу иштер аткарылып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0