Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкек мэриясы "таксисттер армиясын" кантип көзөмөлгө аларын айтып берди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТакси унаасы. Архив
Такси унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкек мэриясынан Шаар транспорту боюнча департамент түзүлөрүн айтышкан. Ал такси кызматын дагы көзөмөлгө алмакчы.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Шаар транспорту боюнча департамент таксисттерди кантип көзөмөлгө ала турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов түшүндүрдү.

© Sputnik / Жоомарт УраимовШаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов
Бишкек мэриясы таксисттер армиясын кантип көзөмөлгө аларын айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов

Анын айтымында, учурда көзөмөлсүз жүргөн таксисттердин армиясы бар.

"Шаарда 20дай компания бар. Бирок биз Салык кызматынан тактап көрсөк, андагы таксисттердин 10 пайызы гана патент алып иштейт экен. Азыр биз көзөмөлдү колго алып, баарын патент менен иштегидей кылышыбыз керек. Бюджетке жардам болот. Учурда нормативдик документ иштеп чыгуу пландалып жатат. Андан соң рейд методу менен такси кызматын көрсөткөндөрдүн бардыгын каттоого алабыз. Буга жол инспекторлору жардам берет", — деди Атыканов.

Орун басар айта кеткендей, бул иштин жыйынтыгы жаңырчу жылдын башында билине баштайт.

Бишкек мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясында бир нече жетекчи алмашты. Тизме
"Департамент иштей баштагандан кийин документ шаардык кеңешке кароого берилет. Келерки жылдын башында толук кандуу иштеп, жыйынтыгын берет деп ишенип турабыз", — деди ал.

Буга чейин Бишкек мэриясынан Шаар транспорту боюнча департамент түзүлгөнү жатканын айтышкан. Ал такси кызматын дагы көзөмөлгө алмакчы. Ошондой эле жаңы мекеме жол чырактар жана жолго тиешелүү башка объектилер боюнча иш алып барарын, "Коопсуз шаар" долбоорун координациялай турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0