Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүТоонун этегинде агым. Архив
Тоонун этегинде агым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-декабрга караган түнү республиканын кээ бир аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. 10-декабрда күндүз өлкөдө суук болуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында -2…+3, Талас өрөөнүндө -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +2…+7, Нарында -1…-6 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо 0…+2, Ош шаарында +4…+6 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0