Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бишкектин жолдоруна унаа токтотууга тыюу салуу пландалып жатат

Жазылуу
Атыкановдун айтымында, бул маселе менен Шаардык транспортту көзөмөлдөө департаменти иш алып барат. Мындай чара борбордогу көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берери айтылууда.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкектин бийлиги унаалар жүргөн жолго жеңил автолорду токтотууга тыюу салууну пландап жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов
Бишкектин жолдоруна унаа токтотууга тыюу салуу пландалып жатат - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов

Ал "Бишкек мэриясынын транспорттук реформасы – суроолорго жооп" аттуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Атыкановдун айтымында, мындай чара борбордогу көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

"Жолго токтоп турган унааларды алып салууну пландап жатабыз. Ал үчүн унааларга атайын токтотуучу жайлар уюштурулат. Таксисттер дагы алар кайда кантип иштей тургандыгын сурап жатышат. Мэрия алардын иши үчүн дагы орун табат", — деди Атыканов.

Ошондой эле ал аталган маселе менен Шаардык транспортту көзөмөлдөгөн департамент иш алып барарын белгиледи. Мындан сырткары, көйгөйдү чечүү үчүн Бишкектеги ар бир райондун аймагында айып короо уюштуруу каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0