Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Борбор калаада "акылдуу" аялдамаларды ишке киргизүү демилгеленүүдө

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАялдамадагы адамдар. Архив
Аялдамадагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында жаңы департамент түзүлүп, пландуу түрдө баш калаадагы аялдамалар маселесин чечүү менен алектенет.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Шаардык транспортту көзөмөлдөөчү жаңы департамент "акылдуу" аялдамаларга өтүүгө ыңгайлашкан токтоочу жайларды куруп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов
Борбор калаада акылдуу аялдамаларды ишке киргизүү демилгеленүүдө - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов

Анын айтымында, шаардагы аялдамалар эл үчүн ыңгайлуу болушу зарыл.

"Акылдуу" аялдамаларда жарандар керектүү маалыматтарды электрондук түрдө көрө алышат, башкача айтканда, коомдук транспорттун кыймылы атайын экранда чагылдырылып турат. Ошондой эле "акылдуу" аялдамаларда интернет, Wi-Fi болот. Мындайча айтканда, бул биз өнүктүрөбүз деген өзүнчө план", — деди ал.

Атыканов мындай аялдамаларды ишке киргизүү азырынча эрте экенин белгиледи. Анын айтымында, департамент түзүлгөндөн кийин ушул максатта ченемдик документтер иштелип чыгат. Мындан тышкары, жаңы департамент пландуу түрдө баш калаадагы аялдамалар маселесин чечүү менен алектенет. Буга чейин мындай аракеттер белгилүү жайларда гана жүргүзүлгөн.

Коомдук транспорт үчүн жол тилкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин айрым көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн тилке ачуу пландалууда
"Кээ бир жерлерде аялдамалар жетишсиздиги боюнча шаар тургундары жана айдоочулардан арыздар түшөт. Учурда алар белгилүү бир жерлерде гана орнотулуп жатат. Биз жаңы департамент менен зарыл болгон бардык жерлерди аялдама менен камсыздоо боюнча туруктуу иштерди жүргүзүүгө ниеттенип жатабыз", — деп белгиледи Атыканов.

Кечээ Бишкек мэриясы шаардык транспорттун ишин көзөмөлдөгөн департамент түзө турганы маалым болду. Ал аялдамаларды куруу, жол чырак орнотуу жана башка объектилер боюнча иш алып баруучу жападан жалгыз мекеме болот.

Жаңы түзүм унаа токтотуучу жайларды уюштуруп, "Коопсуз шаарды" координациялап, таксилердин ишин көзөмөлгө алат.

Атыканов буга чейин мэрия шаардагы таксилердин ишин кантип көзөмөлдөй турганын, коомдук транспорттогу жол кире акысы электрондук билетке караганда кымбатыраак болорун айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0