Баарын аныктайт. Россия Кыргызстанга көчмө лаборатория берди

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРРоссия Кыргызстанга Санкт-Петербургда өтүп жаткан коронавируска каршы иштерди талкуулаган эл аралык конференция учурунда көчмө лаборатория берди
Россия Кыргызстанга Санкт-Петербургда өтүп жаткан коронавируска каршы иштерди талкуулаган эл аралык конференция учурунда көчмө лаборатория берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лаборатория ар кыл бактериялардын, вирустардын, анын ичинде коронавирус инфекциясынын бар-жогун изилдөөгө жөндөмдүү.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россия Кыргызстанга Санкт-Петербургда өтүп жаткан коронавируска каршы иштерди талкуулаган эл аралык конференция учурунда көчмө лаборатория берди. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аталган иш-чарага Кыргызстандан саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев катышууда.

"Аталган көчмө лаборатория ар кыл бактериялардын, вирустардын, анын ичинде коронавирус инфекциясынын бар экендигин изилдөөгө жөндөмдүү. Андан сырткары, азык-түлүктүн жана топурактын курамын да текшере алат. Мындай жабдуулар учурда стационардык лабораториялар ачыла элек райондорго өтө керек", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Россия Кыргызстанга ушул сындуу көчмө лаборатория берген. Ал 2018-жылы өткөн Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары учурунда колдонулган.

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова жана Россия Федерациясынын элчилигинин кеңешчиси Вадим Гусев - Sputnik Кыргызстан
Россия менен ДССУ Кыргызстанга 3,5 млн. сомдук гумжардам берди
Санкт-Петербургда бул күндөрү өтүп жаткан конференцияда адистер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коронавируска каршы биргеликте алып барган иштерин, даярдыгын, дегеле бул инфекция менен күрөшүү жолдорун талкуулап жатат. Биримдикке кирген республикалардын калкынын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун сактоодо ага жоопкер болгон органдардын жетекчилер кеңешинин ролу жана COVID-19 тарашына каршы кандай чаралар көрүлүшү керектиги да башкы темалардан болду. Мындан сырткары, иммунология менен коронавирус учурунда профилактикалык каражаттарды иштеп чыгуу да талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0