Ашканада тамактанып жаткан окуучу. Архив

Байтикте ууланган балдар. Прокуратура лицей уруксаты жок иштеп жатканын айтты

249
Ооруканага ууланып 23 адам түшкөн. Анын 22си балдар болсо, бирөө окутуучу. Аталган факт боюнча тергөө иштери жана эпидемиологиялык иликтөө жүрүүдө.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Байтик айылында 23 окуучу ууланган мектеп-интернат министрликтин уруксаты жок, өзү билемдик менен реалдуу режимде окуп жаткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 8-декабрь күнү болжол менен саат 23:00дө "Кут Билим" мектеп-интернатынан 20дан ашык бала тамакка ууланып, баары Шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Жабыркагандар 8 жаштан 20 жашка чейинкилер экени айтылган.

Башкы прокуратура ооруканага 11 жаштан 16 жашка чейин 21 окуучу түшкөнүн кабарлады. Мындан сырткары, сегиз жаштагы бир бала жана 20 жаштагы окутуучу да жаткан. Аламүдүн райондук прокуратурасы текшерүүдөн кийин лицейдин жетекчилиги реалдуу режимде окуу процессин өзү билемдикке салып 23-октябрда баштаганын аныктаган. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругундагы талаптарга ылайык, жалпы билим берүү мекемелеринде 2-6-класстарга гана салттуу режимде окууга уруксат берилген. Прокуратура учурда "Кут Билим" лицейинде 7-11-класстын балдары жатып окушат деген тыянакка келген.

Аталган факт боюнча учурда милиция тергөө жүргүзүп, санитардык-эпидемиологиялык иликтөө да жасалууда. Прокуратура күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу чечими текшерүү иштеринен кийин кабыл алынарын кошумчалаган.

249
Белгилер:
прокуратура, текшерүү, окуу, уулануу, окуучу, мектеп, Чүй облусу
Тема боюнча
Байтиктеги мектеп-интернаттын балдары жапырт ууланып, ооруканага түштү
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат

10
(жаңыланган 16:26 25.02.2021)
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков бирдиктүү салык декларациясын юридикалык жактар 1-мартка чейин тапшырышы зарыл деди.

Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат

Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.

"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.

Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.

10
Белгилер:
онлайн, салык, декларация, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Бирдиктүү салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алына баштады
Офистеги аял. Архив

Бишкекте кайсы мектептин директору кызматында 20 жылдан ашык отурат? Тизме

460
(жаңыланган 15:07 25.02.2021)
Ордо калаадагы мектеп жетекчилеринин ичинен билим берүү жайын 15 жылдан ашык башкарып келе жаткандар аз эмес. Муниципалдык мектептер боюнча маалыматты материалдан окуңуздар.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда мектеп директорлорун ректорлор сыяктуу эле беш жылга шайлоо механизмин киргизүү боюнча эксперттик топ иштеп жатканын айткан.

Билим уясын жетектей турган адамды кандай жол менен тандашары азырынча белгисиз. Министр буга чейин мектеп директорлору боюнча көптөгөн суроолор келип жатканын айткан.

Председатель регионального института Центральной Азии Алмазбек Бейшеналиев
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев
"Өлкөдө жашы 70-80ге таяп калган жүздөгөн директор бар. Кээ бирлери ондогон жылдардан бери иштеп, өз каалоосу менен креслосун тапшыргылары келбейт. Себеби бул мамлекеттик кызмат катары эсептелбегендиктен чектөө жок. Коррупциялык схемалар бар, жаңылануу жок. Ошол эле учурда алардын арасында мыкты иштеп жаткандары дагы бар", — деди Бейшеналиев.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкек шаарындагы мектеп жетекчилеринин тизмесин Шаардык билим берүү башкармалыгынан алып, буга чейин даярдалган макала менен ачык булактарда жазылган маалыматтарды кошуп таблица түздү.

Анда мектеп жетекчилеринин жаш курагы, канча жылдан бери билим берүү мекемесин башкарып келе жаткандыгы тууралуу жазылган.

Мектепти азыр башкарып жаткан жетекчилердин арасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, БШК мүчөсү, Бишкектин мурдагы вице-мэри жана башка муниципалитеттин аткаминерлери бар.

Бир эле билим берүү жайын 20 жылдан ашык башкарып келе жаткан жетекчилердин катарында №7 мектептин директору Чолпон Бердалиев, №10 мектептин директору Кулжан Үмөталиева, №20 окуу-тарбия комплексин башкарган Чолпон Кудайбергенова, №23 мектеп-гимназиясынын директору Андрей Ситоленко, №27 орто мектебинин жетекчиси Бермет Носинова, №31 мектеп-гимназиясынын жетекчиси Тажыбүбү Өмүрзакова, №34 жардамчы мектебин башкарган Гүлизат Карасартова, №51 орто мектебин жетектеген Суусар Мураталиева бар.

Мындан сырткары, №59 мектептин директору Маргарита Ситникова, №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский, №66 окуу-тарбия комплексинин жетекчиси Минара Якупова, №67 окуу тарбия комплексинин жетекчиси Светлана Керимкулова, №68 окуу-тарбия комплексинин директору Канымжан Өмүрова, №73 орто мектебин жетектеген Раушан Ниязбеков, №74 мектеп-лицейинин директору Гүлжан Абдуллаева, №1 гимназия-интернатын жетектеген Нуркалый Байматов жана №7 жумушчу жаштар мектебинин директору Назгүл Көөдөковалар 20 жылдан бери иштеп келишет.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, директорлорду дайындоо боюнча азыркы механизм коррупциялык тобокелчиликке алып келет.

Заместитель министра образования КР Надира Джусупбекова во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
"Билим берүү деңгээлин жогорулатуу үчүн ар бир мектепке компетенттүү директор керек. Азыр мектеп жетекчилерин дайындоо иштери менен билим берүү бөлүмдөрү иш алып барат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2014-жылдан бери мектеп жетекчилери келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылга дайындалышат. Көпчүлүк директорлор 2014-жылга чейин шашылыш эмес келишимдерди түзүшкөн. Ошол себептен билим берүү башкармалыктары жана райондук бөлүмдөр алар менен келишимдерди токтотуп кое алышпайт. Азыр биз директорлор жетекчилик кызматка келиши үчүн тесттен өткүдөй жобону иштеп жатабыз. Мектеп жетекчилеринин жаш курагы жана иштөө мөөнөтү боюнча дискриминацияга каршыбыз. Бирок коррупциялык тобокелчиликти жокко чыгарган так механизмди киргизүүгө убакыт келди", — деди Жусупбекова.

Ал мектеп директорлорун баалоо критерийлери менен жумушка алуу же иштен кетирүү боюнча жаңы механизм быйылкы окуу жылында ишке кирет деген ишеничин кошумчалады.

460
Белгилер:
кызмат, жетекчи, мектеп, билим берүү, Бишкек
Тема боюнча
Сайназаров: мектеп директорлорун тандоодо үч багытка көңүл буруу зарыл
 Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с представителями крупного российского бизнеса в Москве в рамках своего визита в РФ

Жапаров Москвада Россиянын ири бизнесмендери менен жолукту. Кимдер келди

0
Россиялык бизнестин өкүлдөрүнүн суроолоруна президент Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп берген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Москва шаарында Россиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырган. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жапаров иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандагы келечектүү экономикалык долбоорлор жөнүндө айтып берип, потенциалдуу инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды. Кызматташууну арттыруунун актуалдуу багыттарын белгилеп, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрө түзүү боюнча иш-аракеттердин планына көңүл бурду", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу "суроо-жооп" форматында өткөн.

Россиялык бизнестин өкүлдөрүнүн суроолоруна президент Жапаров, өлкөнүн министрлери менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери жооп берген.

  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с представителями крупного российского бизнеса в Москве в рамках своего визита в РФ
    Визит президента КР Садыра Жапарова в РФ
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с представителями крупного российского бизнеса в Москве в рамках своего визита в РФ
    Визит президента КР Садыра Жапарова в РФ
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с представителями крупного российского бизнеса в Москве в рамках своего визита в РФ
    Визит президента КР Садыра Жапарова в РФ
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров встретился с представителями крупного российского бизнеса в Москве в рамках своего визита в РФ
    Визит президента КР Садыра Жапарова в РФ
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Визит президента КР Садыра Жапарова в РФ

Иш-чарага россиялык ири компаниялардын 40ка жакын жетекчиси катышкан. Алар: "Ренова" компаниялар тобу" АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы, "Сколково" жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциализациялоо борборунун Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү, "Сколтехтин" (Сколково илим жана технологиялар институту) Камкорчулар кеңешинин төрагасы Виктор Векселберг, "Россия темир жолу" ААКсынын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский, "Газпром нефть" ПАКтын тышкы экономикалык иштер боюнча башкы директорунун орун басары Павел Одеров, Россия Федерациясынын Президентинин электр энергетика тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери боюнча атайын өкүлү, "Артпол Холдинг" ЖЧКсынын президенти Сергей Шматко, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин аткаруучу катчысы Станислав Наумов, Санарип экономика боюнча комитеттин төрагасы, "Ростелеком" ПАК президенти Михаил Осеевский. Ошондой эле "ФосАгро" ПАК, "ВымпелКом" ПАК, "Хюндай Мотор СНГ" ЖЧК, "Северсталь" ПАК компанияларынын, Картошка жана жашылча базарынын катышуучулар бирлигинин, ЕАЭБдин фармацевтикалык өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкармалыгынын өкүлдөрү жана мунай, банк, өнөр жай, курулуш, химия, энергетикалык тамак-аш, машина куруу жана текстиль тармактарынын лидерлери катышты.

Ошондой эле жолугушууда Россиянын министрликтери менен мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болду.

Эске салсак, кечээтен бери Жапаров Россияда жумушчу иш сапар менен жүрөт. Алгач Россия лидери Владимир Путин менен жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулап, аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.

0