Атамбаевдин жан сакчысы Мусакеевдин өкүмү да жокко чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дамир Мусакеев Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевге карата сот чечими жокко чыгарылып, кайра кароо үчүн Свердлов райондук сотуна кайтарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришти.

"Мусакеевге карата биринчи, экинчи инстанциянын чечимдери жокко чыгарылды. Башка курамда кароо үчүн кайрадан Свердлов райондук сотуна жиберилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Мусакеев Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен айыпталып, Свердлов райондук соту тарабынан беш жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Ал 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 9-бөлүмдө иштеген өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди ыйгарган деп күнөөлөнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0