Дарыгер иммунитетти көтөрүүнүн бирден-бир жолун айтып берди

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКишилер спортзалда. Архив
Кишилер спортзалда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медик Комаровский баланын жадагалса мурду бүтүп калса да антибиотикке чуркаган ата-энелерди сындаган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Врач жана теле алып баруучу Евгений Комаровский активдүү жашоо образын адамдын иммунитетин көтөрүүнүн бирден-бир жолу деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Медик баланын жадагалса мурду бүтүп калса да антибиотикке чуркаган ата-энелерди сындаган.

Комаровский телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып, иммунитетти көтөрүп жибере турган бир дагы фармакологиялык каражат жоктугун айткан.

"Иммунитет үчүн деген дарылардын бардыгы болбогон нерсе, бул адамдардын сабатсыздыгынан жасалып жаткан бизнес", — деген ал.

Комаровский иммунитетти бекемдеген бирден-бир каражат — дене тарбия көнүгүүлөрүн тыкыр жасоо, температуралардын контрасты жана жакшы маанай экендигин билдирди.

Фитнес клубда машыккан кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Колу бошобогон адамдар машыгууга кантип убакыт тапса болот
Анын айтымында, көп балдар туулгандан кийин эле стерилдүү аймакка түшөт, мындан улам иммундук система көп кыйналбайт да, таңгалычтуусу ден соолукта көйгөйлөр башталат. Алардын ичине аллергиялык реакция, аутоиммундук илдеттер да кирет.

Дарыгер бул көйгөйлөрдү чечүүдө аздыр-көптүр жардам бере турган каражат деп сүт азыктарын атады.

Жаңылыктар түрмөгү
0