Кыргызстандагы коронавирус: жуктургандар, айыккандар, көз жумгандар

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада
Медициналык кызматкерлер ооруканада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча Бишкек шаары менен Чүй облусунда оору жуктургандардын саны азая элек. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда дарт мизин кайтара элек.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясына 379 киши кабылып, ушул эле оорудан 527 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 120;
  • Ош — 8;
  • Чүй облусу — 98;
  • Ош облусу — 11;
  • Талас облусу — 10;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу — 81;
  • Жалал-Абад облусу — 29;
  • Баткен облусу — 15.

Жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 76 391ге жетти.

Соңку сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 140;
  • Ош шаары — 16;
  • Чүй облусу — 104;
  • Ош облусу — 36;
  • Талас облусу — 21;
  • Нарын облусу — 11;
  • Ысык-Көл облусу — 41;
  • Жалал-Абад облусу — 86;
  • Баткен облусу — 72.

Ушуну менен өлкөдө жугуштуу дартты жеңгендердин саны 68 894кө жетти.

Ал эми COVID-19дан Бишкек шаарынан жана Ош менен Талас облусунан үч бейтап көз жумган. Жалпы көз жумгандар 1 306га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0