Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ош облусунда иш сапары менен

"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек

220
(жаңыланган 14:54 10.12.2020)
Новиков жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн бардык процесси автоматташтырылышы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

  • Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Эркеч-Там көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи
    Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Новиков жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн бардык процесси автоматташтырылышы зарылдыгын белгиледи
    Новиков жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн бардык процесси автоматташтырылышы зарылдыгын белгиледи
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Жүк декларациясын толтурууда адам фактору толугу менен алып салынышы керек. Бул мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат, — деди Новиков
    "Жүк декларациясын толтурууда адам фактору толугу менен алып салынышы керек. Бул мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат", — деди Новиков
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Ошондой эле салмак-габариттик башкаруу тутумдарынын жана текшерүү комплексинин ишиндеги кемчиликтер дагы белгиленди
    Ошондой эле салмак-габариттик башкаруу тутумдарынын жана текшерүү комплексинин ишиндеги кемчиликтер дагы белгиленди
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Учурда маалыматтык тутумдун ар бир тутуму автономдуу иш алып барып, бирдиктүү концепция жок. Жүктүн декларациясын кол менен киргизбей маалыматтардын электрондук базасы түзүлүшү керек. Ал система милдеттүү түрдө салмак-көзөмөл жана инспекциялык текшерүү комплексине туташтырылышы зарыл, — деди Новиков.
    "Учурда маалыматтык тутумдун ар бир тутуму автономдуу иш алып барып, бирдиктүү концепция жок. Жүктүн декларациясын кол менен киргизбей маалыматтардын электрондук базасы түзүлүшү керек. Ал система милдеттүү түрдө салмак-көзөмөл жана инспекциялык текшерүү комплексине туташтырылышы зарыл, — деди Новиков.
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Мамлекеттик чек ара аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн фиксациялаган камераларды орнотуу жетишсиз, алынган маалыматтарды талдоочу, маалыматтардагы айырмачылыктарды жана тобокелдиктерди көрсөтүүчү платформа керек, — деди Новиков.
    Мамлекеттик чек ара аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн фиксациялаган камераларды орнотуу жетишсиз, алынган маалыматтарды талдоочу, маалыматтардагы айырмачылыктарды жана тобокелдиктерди көрсөтүүчү платформа керек", — деди Новиков.
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Соңунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу тармактык мамлекеттик органдарга өзүнө келип түшкөн маалыматтарды тобокелдиктерди башкарууну натыйжалуу талдоо тутуму жана коррупцияга каршы чаралары менен иштеп чыгууну камтыган товарлардын кыймылын эсепке алууну автоматташтыруунун бирдиктүү системасын ишке киргизүүнү тапшырды
    Соңунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу тармактык мамлекеттик органдарга өзүнө келип түшкөн маалыматтарды тобокелдиктерди башкарууну натыйжалуу талдоо тутуму жана коррупцияга каршы чаралары менен иштеп чыгууну камтыган товарлардын кыймылын эсепке алууну автоматташтыруунун бирдиктүү системасын ишке киргизүүнү тапшырды
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 7
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутуму менен таанышып, анын бир катар кемчиликтерин белгиледи

Новиков жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн бардык процесси автоматташтырылышы зарылдыгын белгиледи.

"Жүк декларациясын толтурууда адам фактору толугу менен алып салынышы керек. Бул мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат", — деди Новиков.

Ошондой эле салмак-габариттик башкаруу тутумдарынын жана текшерүү комплексинин ишиндеги кемчиликтер дагы белгиленди.

"Учурда маалыматтык тутумдун ар бир тутуму автономдуу иш алып барып, бирдиктүү концепция жок. Жүктүн декларациясын кол менен киргизбей маалыматтардын электрондук базасы түзүлүшү керек. Ал система милдеттүү түрдө салмак-көзөмөл жана инспекциялык текшерүү комплексине туташтырылышы зарыл. Мамлекеттик чек ара аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүүсүн фиксациялаган камераларды орнотуу жетишсиз, алынган маалыматтарды талдоочу, маалыматтардагы айырмачылыктарды жана тобокелдиктерди көрсөтүүчү платформа керек", — деди Новиков.

Соңунда премьер-министрдин милдетин аткаруучу тармактык мамлекеттик органдарга өзүнө келип түшкөн маалыматтарды тобокелдиктерди башкарууну натыйжалуу талдоо тутуму жана коррупцияга каршы чаралары менен иштеп чыгууну камтыган товарлардын кыймылын эсепке алууну автоматташтыруунун бирдиктүү системасын ишке киргизүүнү тапшырды.

220
Белгилер:
декларация, чек ара, Артем Новиков
Тема боюнча
Баштапкы капиталы 50 миллион доллар. Кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт
Исфанадагы аэропортко Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Сүрөт

Брюс Лини туураган Нурмухаммед өзгөчө өнөрү менен рекорд койду. Видео

11
(жаңыланган 18:20 01.03.2021)
Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй жасаган кыргызстандык жеткинчек Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Я почти знаменит" долбооруна катышты. Ал нунчакты колдонуп, өнөрүн тартуулады.

Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.

Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.

"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.

Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.

Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.

11
Белгилер:
Нурмухаммед Ташмаматов, видео, өнөр, теннис, рекорд, жеткинчек, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Лучше всех" шоусунда спорттун өзгөчө түрүн көрсөттү. Видео
Тазалык ишкананын кызматкери Мадина Токобаева апасы менен жолду тазалап жатканда BMW үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу аны сүзүп, из жашырып кеткен.

Бишкекте таңда унаа коюп, ооруканага түшкөн "Тазалыкчынын" абалы айтылды

9
(жаңыланган 18:19 01.03.2021)
Бир нече күн мурун ишкананын кызматкери Мадина Токобаева апасы менен жолду тазалап жатканда BMW үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу аны сүзүп, из жашырып кеткен.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылган "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкеринин абалын билди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бир нече күн мурун таңкы саат 6:30да ишкананын кызматкери Мадина Токобаева апасы Жылдыз Орозалиева менен Каралаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолду тазалап жатышкан.

"Эки кызматкер тең өңү чагылышып турган атайын жилеттерди кийгени менен Каралаев көчөсү менен түштүк-чыгыш тараптан катуу ылдамдыкта келе жаткан BMW үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа Мадина Токобаеваны сүзүп кеткен. Ал бети-башы канжалап, эс-учун жоготуп жатып калган. Энеси айдоочунун унаасынын номерин караганга жетишкен эмес, ал из жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Токобаева Тез жардам кызматынын унаасында эсине келген, учурда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда. Мээси чайкалып, буту сынып, көзү-башы көгөрүп, шишигени белгилүү болду. 

Исполняющий обязанности мэра Бактыбек Кудайбергенов навестил работницу муниципального предприятия Тазалык, пострадавшую в результате наезда
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылган "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкеринин абалын билди
"Бүгүн мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ооруканага келип кызматкердин абалын билип кетти. Кыздын абалы бир аз жакшырып, өз алдынча отуруп калды", — деп жазылган билдирмеде.

Мэрия кошумчалагандай, жол кырсыгынан кийин айдоочунун тууганы делген Фархад аттуу адам Токобаеванын дарылануусуна жардам бергени айтылган. Рулда 17 жаштагы бала болгон. Жол кырсыгынын себеби аныкталып жатат.

Ошондой эле "Тазалыктын" кызматкерлери камсыздандырылганы, ишкана материалдык жардам көрсөткөнү белгиленди.

9
Белгилер:
мэр, жол кырсык, кызматкер, МП "Тазалык", Бишкек
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунда тайгаланган автоунаа арыкка түшүп кетти. Видео
Бишкекте Subaru түркүктү сүзүп, ал унаанын үстүнө кулаган. Кырсыктын видеосу