Адаштык. "Дженгонун" тобундагы адамдар кылмыш дүйнөсүнөн баш тартты. Видео

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПресс-тур в колонию строго режима в п. Мелехово
Пресс-тур в колонию строго режима в п. Мелехово - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК кармаган эки жаран тең мурда соттолуп, кримтөбөл Кадыр Досоновдун тобунун активдүү мүчөлөрү болгон. Алар буга чейин туура эмес жолдо жашап келишкенин моюндашты.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. "Дженго" каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досоновдун тобуна кирген эки жаран УКМК жүргүзгөн түшүндүрүү ишинен кийин кылмыш дүйнөсүнөн чыгууга убада беришти. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Экөөнүн 52 жана 37 жаштагы жарандар экени айтылды.

"Жаштык кезимде кызуу кандуулукка алдырып, уюшкан кылмыштуу топтордун катарына аралашып калган экенмин. Азыркы күндө мыйзам жолунда жашайм. Буга чейин жасаган каталарымды толугу менен түшүндүм", — деди 52 жаштагы жаран.

Уюшкан кылмыштуу топтун Чач каймана аты бар активдүү мүчөсү кармалды - Sputnik Кыргызстан
УКМК кылмыштуу топтун "Чач" аттуу мүчөсүн колго түшүрдү. Сүрөт
Кармалгандарын экинчиси да туура жашоого өтөрүн айткан.

"Мурда адашып туура эмес жолго түшүп кеттим. Бүгүндөн баштап кылган күнөөмдү сезип, мыйзамга баш ийип жашайм", — деди экинчиси.

Атайын кызматтын билдиришинче, экөө тең мурда соттолуп, "Дженгонун" кылмыш тобунун активдүү мүчөлөрү болгон.

Эске салсак, УКМК Кадыр Досоновго издөө жарыялаган. Ал бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0