Айтматовдун чыгармалары урду тилине которулду

© Фото / пресс-служба МИД КРЧыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы Пакистандын расмий тили болуп эсептелген урду тилине которулду
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы Пакистандын расмий тили болуп эсептелген урду тилине которулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддун президенти, белгилүү жазуучунун үй-музейинин жетекчиси Эльдар Айтматов менен жолуккан.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы Пакистандын расмий тили болуп эсептелген урду тилине которулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба МИД КРЧыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы Пакистандын расмий тили болуп эсептелген урду тилине которулду
Айтматовдун чыгармалары урду тилине которулду - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы Пакистандын расмий тили болуп эсептелген урду тилине которулду

Ага ылайык, Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Бишкекке болгон расмий иш сапарынын алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык фонддун президенти, белгилүү жазуучунун үй-музейинин жетекчиси Эльдар Айтматов менен жолуккан.

"Элчи Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы көп жылдан берки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында урду тилине которулганын айтып, жакын арада жыйнак басылып чыга турганын белгилеген. Бейшембиев Эльдар Айтматовду кийинки жылы Пакистанга китептин расмий бет ачар аземине катышууга чакырды", — деп айтылат маалыматта.

Айтматов элчиликке жасаган иши үчүн ыраазычылык билдирип, чакырууну кабыл алган.

Урду Пакистанда англис тили менен катар расмий тил болуп эсептелет. Ачык маалыматтарга караганда, бул тилде 100 миллионго чукул адам сүйлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0