Сурабалдиева жеке ооруканалардын COVID-19ду дарылоо ишин текшертмей болду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер Эльвира Сурабалдиева. Архив
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чиновник Саламаттык сактоо министрлигин жеке медициналык мекемелери жетишсиз деңгээлде көзөмөлдөнбөй жаткандыгы үчүн сынга алды.

БИШКЕК, 10-Дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева COVID-19 илдетинен жабыркаган бейтаптарды дарылоо менен алектенген жеке медициналык мекемелердин ишин талдоого алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине берилген.

Вице-премьер белгилегендей, Жалал-Абад облусундагы жеке ооруканалардын биринде дарылануу жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ооруканага которулган 9 адамдын 8и каза болгондугу абалды көзөмөлгө алып жана талдоого алуу зарылдыгынан кабар берет.

Ал Саламаттык сактоо министрлигин жеке медициналык мекемелери жетишсиз деңгээлде көзөмөлдөнбөй жаткандыгы үчүн сынга алды.

"Бизге аймактардагы жеке клиникалар COVID-19ду дарылоо алкагында медициналык көмөк көрсөтүү боюнча кандай иш жүргүзүп жаткандыгы тууралуу отчет берилди. Бирок чыныгы абал мындан кескин айырмаланып турат. Жарандарды дарылоодогу ыкмалар жана расмий протоколдор көзөмөлдөнбөй жатат. Жалал-Абад облусундагы окуя кайталанбашы керек. Саламаттык сактоо министрлиги абалды көзөмөлгө алуусу тийиш. Медициналык борборлор жана клиникалар кантип лицензияга ээ болушат, алардын ишин ким көзөмөлдөйт, алар тарабынан көрсөтүлүп жаткан медициналык тейлөөлөр канчалык деңгээлде бекитилген талаптарга жооп берет деген суроолор пайда болот. Ошондуктан жеке медициналык мекемелердин иши каралган функция жана милдеттеринин алкагында тийиштүү мониторинг жүргүзүү жана баалоо зарыл. Шалаакылыкка жол берилбеши керек, мындан элдин ден соолугу жана өмүрү көз каранды", — деди Сурабалдиева.

Разработка вакцины от COVID-19 в мире - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Улуу Британиядан коронавирус вакцинасын алууга жардам сурады
Саламаттык сактоо министрлигине Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы министрликтин координаторлоруна ишинде кетирген кемчиликтери үчүн дисциплинардык жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо тапшырмасы берилди.

Ал, ошондой эле, жеке жана мамлекеттик ооруканалардын ишиндеги кемчилиги боюнча териштирүү учурунда жоопкерчилик катардагы дарыгерлерге эмес, аталган медициналык мекемелердин жетекчилерине жүктөлөрүн баса белгиледи.

"Катардагы дарыгерлердин бирин дагы капалантпайбыз. Дарыгерлер эмгек акынын аздыгына жана жумуштун көптүгүнө карабастан талыкпай эмгектенип келе жатышат", — деп белгиледи вице-премьер.

Мындан тышкары, башкы санитардык дарыгердин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын статусун жана ыйгарым укуктарын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0