Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Башка кишиге айландым. Режиссер Кончаловский Кыргызстанга келген кезин эстеди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиялык режиссер Андрей Кончаловский. Архив
Россиялык режиссер Андрей Кончаловский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык режиссер 1960-жылдары кыргыз кинематографиясынын жаңы толкуну жаралып "Кыргызфильм" гүлдөгөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Режиссер Андрей Кончаловский Кыргызстанга келген кезин эстеп, андагы кызыктуу учурларды Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борборунда өткөн видеокөпүрө учурунда айтып берди.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" тасмасын Кончаловский тарткан. Режиссердун айтымында, аталган тасманы тартуу ал үчүн өтө маанилүү эле. Себеби тартуу иштери Россияда эмес, маданияты таптакыр башка мамлекетте болгон.

"Кыргызстанга келгенде жашоого, жаратылышка болгон көз карашым башкача болчу. Бул өлкөдө жүрүп кеткенден кийин мен Орто Азия маданиятына көп жагынан башкача мамиле жасап калдым. Наташа Аринбасаровага үйлөнгөнүмдө жашообуз "Биринчи мугалимдикине" окшоп драмага айланды... Ошол учурдагы Фрунзеде мен көп убакыт өткөргөн жокмун, беш айга чукул эле жүрдүм. Бирок кайра Россияга башка адам болуп кайттым. Бул үчүн силерге ыраазымын", — деди Кончаловский.

Россиялык режиссер 1960-жылдары кыргыз кинематографиясынын жаңы толкуну жаралып, "Кыргызфильм" гүлдөгөнүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев менен СССРдин эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарованын сүрөтү 1965-жылы Нарын облусунда тартылган - Sputnik Кыргызстан
"Алтынайды" эки өлкөдөн издегенбиз. "Биринчи мугалимдеги" таберик сүрөт
Кончаловский Чыңгыз Айтматовду да эскерип, ал чынында улуу адам болгонуна токтолду.

"Улуу адамдар көп кыжалат боло бербейт. Алар акыйкатсыздыкты да кечирип коюшу мүмкүн. Жазуучудан да өйдө, бийик болчу. Айтматов гуманист эле. Муну чыгармачылыгынан эле билсе болот. Мисалы, эмгектери белгилүү бир маданият жана убакытта жазылса дагы бүт дүйнөгө түшүнүктүү. Бул улуу жазуучунун сапаттары", — деди ал.

Режиссер "Биринчи мугалим" тасмасын тартарда абдан толкунданганын айтып, Айтматовдун көмөгү менен фильм эл күткөндөй болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0