Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды...

© Sputnik / Табылды КадырбековСупруга акына Элмирбека Иманалиева Нурзат Абдырашитова
Супруга акына Элмирбека Иманалиева Нурзат Абдырашитова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева айтылуу төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат Абдырашитова менен маектешти.

Бул жолугушууну негизи Элмирбек Иманалиевдин китептеринин бет ачарына болжогонбуз. Бирок Нурзат айымдын шартына байланыштуу жылып отуруп, баарлашуу ушул күнгө буюруптур. Акындын жубайы кеңсеге жалгыз келген жок. Жанында таланттын дал өзүндөй болгон уулу Адылхан бар экен.

Апасы менен сүйлөшүп отурсак ортодо ал да сөзгө аралаша кетип, атасы менен өткөргөн күндөрүн эстеп божурап отурду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНурзат Абдырашитова: атабыздын бизди таштап кеткенине дагы эле ишене элекпиз. Кечээ түнү эле саат бир жарымга чейин аны эстеп, бир сыйра ыйлап, анан жаттык. Мен ыйласам балдарым кошо ыйлайт, жүрөктөрү оорубасын деп булардын көзүнчө жашыбаганга аракет кылам...
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды... - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Абдырашитова: атабыздын бизди таштап кеткенине дагы эле ишене элекпиз. Кечээ түнү эле саат бир жарымга чейин аны эстеп, бир сыйра ыйлап, анан жаттык. Мен ыйласам балдарым кошо ыйлайт, жүрөктөрү оорубасын деп булардын көзүнчө жашыбаганга аракет кылам...

— Оор жоготуудан бери билинбей жарым жылдан ашык убакыт өтүп кетиптир. Кантип атасыздар, балдар атасын сурап жатышкандыр?

— Күндө сурашат, күндө эстейбиз. Атабыздын бизди таштап кеткенине дагы эле ишене элекпиз. Кечээ түнү эле саат бир жарымга чейин аны эстеп, бир сыйра ыйлап, анан жаттык. Мен ыйласам балдарым кошо ыйлайт, жүрөктөрү оорубасын деп булардын көзүнчө жашыбаганга аракет кылам...

Народный артист Кыргызстана, певец Апаз Жайнаков - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз жери" менен акыркы сапарга узаган. Апаз Жайнаков тууралуу 7 факты
Бул Адылхан (жанындагы баласын көрсөтүп) атасын сагынганда анын иш бөлмөсүнө кирип жатып алат. Кечээ да ошентти. Негизи ал бөлмөдө Элмирбектин комуздары, башка жеке буюмдары, кагаздары болгондуктан эшигин жаап эч кимди киргизбейбиз. Адылхан болсо атасын сагынганда жалгыз ошол бөлмөгө жатып алат. Өткөндө эжеси Жайдары экөө кирип алып, мага телефондон "Атам качан келет, жашынбай эле чыга берсинчи" деп билдирүү жазып жиберишиптир...

"Убакыт дарылайт" деп коет го, бирок убакыт дарылабай эле күн өткөн сайын сагынычыбыз күч алгандан күч алды. Балдарым күндө сурайт. "Атам бул жерде отурчу, бул жерден мындай кылчу" деп ооздорунан түшүрбөйт. Кийимдерин жытташат, "жыты кетип бараткан го" деп кайра-кайра жыттаганда жанымды коерго жер таппай калам.

(Ал ортодо сөзгө Адылхан аралаша кетти)

Адылхан: — Атам иштеген бөлмөгө өзүм эле жалгыз жатып алам. Үйдө жүрсөк атам бардай, басып жүргөндөй сезиле берет. Бир жолу ошол бөлмөгө жатып алгам, анан бутуман бирөө кармагандай болуп ойгонуп кетсем эч ким жок. Анан беш саат уктай албай жаткам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлмирбек Иманалиевдин уулу Адылхан: атам иштеген бөлмөгө өзүм эле жалгыз жатып алам. Үйдө жүрсөк атам бардай, басып жүргөндөй сезиле берет.
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды... - Sputnik Кыргызстан
Элмирбек Иманалиевдин уулу Адылхан: атам иштеген бөлмөгө өзүм эле жалгыз жатып алам. Үйдө жүрсөк атам бардай, басып жүргөндөй сезиле берет.

— Атаң менен эмнелерди чогуу жасачу элеңер?

Адылхан: — Атам жумуштан келери менен биз "бут кийимин мен чечем, мен чечем" деп талашып чеччүбүз. Атам бизге жомок айтып берчү, комуз менен ырдачу, эшикке чыгып чогуу басчубуз.

(Сөзгө Нурзат эже кошулду)

— Элмирбек дайыма жөө басчу. Таң атпай саат 4-5те эле ойгонуп алар эле. Акыркы жылдары ал өмүрүн жалаң жумушуна арнап, шакирттери менен көп иштеп калган. Жүрөгү бир нерсени сезген немедей убактысынын дээрлик баарын чыгармачылыкка арнап калган.

— Элмирбек агай кант диабетинен жабыркап жүрчү беле?

— Акыркы учурларда жүрөгүм деп калган. Андан тышкары, кант диабети менен да ооруп, жылда дарыланчу. Дайыма инсулин алып турчу. Кан басымы да ылдый эле. Бирок абалы таптакыр эле начар болчу деп айта албайм. Жылда дарыланып, андан кийин күүлүү-күчтүү иштеп калчу. Бул ирет эмне болуп кеткенин өзүбүз да түшүнбөй калдык. 

© Фото / из семейного архива ИманалиевыхНурзат Абдырашитова: Элмирбек экөөбүз башында байке-карындаш катары эле сүйлөшчүбүз. Андан кийин билинбей жүрүп эле бири-бирибизге жакын болуп кеттик.
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды... - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Абдырашитова: Элмирбек экөөбүз башында байке-карындаш катары эле сүйлөшчүбүз. Андан кийин билинбей жүрүп эле бири-бирибизге жакын болуп кеттик.

— Эл арасында "ооруканалар дароо албай, кыйнап коюшуптур" деген кеп тарады эле. Чынында кандай болгон?

— Ошол күнү Элмирбек маанайы жок ойгонду. Текшерсем канты көтөрүлүп кетиптир, күнүнө эки маал инсулин алчу. Анын бирөөсүн сайсам бир аз жакшы болуп калгансыды. Түштөн кийин "жүрөгүм сайгылашкансып жатат, Тез жардам чакыртчы" деди. Биринчи өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына (спецбольница) чалдым. Негизи бир нерсе болсо дароо ошол жакка жатып дарыланчу. Чалсам "биз азыр бара албайбыз, 103 кызматына чалгыла" деп койду. Аларга кайрылсам бир сааттан кийин келишти. Дароо асма укол коюп, дары берип "Фучик көчөсүндөгү ооруканага алып баргыла, хирургиялык оору окшойт" деди. Тез жардам кызматы Элмирбекти Фучиктеги ооруканага алып кетти. Балам кичинекей болгондуктан мен артынан бардым. Барсак хирург көрүп "бул биздин оору эмес, клиникалык ооруканага эле алып баргыла" деди. Ары-бери жүрүп Элмирбек кыйналып калды окшойт. Негизи үйдөн экинчи кабаттан өзү эле түшкөн. Өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына барганда өзүн таштап койду. Ооруканага жаткырганыбызга сүйүнүп, жаман ой жок үйгө кеттик. Анын үстүнө ошол учурда карантин болчу. Саат жетиге чейин үйгө жетип алайын деп бала менен кеткем. Үйгө жетерим менен Элмирбектин окуучусу Асылбек чалып "катуу болуп атат, кайра келиңиз" деди. Көрсө ошондо эле үзүлүптүр. Ал ооруканада өзүм иштеп калгандыктан, дароо эле реанимацияга кирип барсам атабыз жок, таппай калдым. Сыртка чыксам эки дарыгер "мунусунда сактай албай калдык" деп суук кабарды угузуп коюшту.

Негизи түз эле клиникалык ооруканага алып бармакпыз. Бирок карантинге байланыштуу хирургия кызыл зона болду дегенден башкага алып барганбыз да. Өзүнүн ордуна эле жатып, жакшынакай дарыланып чыкмак. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым... 

© Sputnik / Табылды КадырбековНурзат Абдырашитова: жолдошум акыркы учурларда жүрөгүм деп калган. Андан тышкары, кант диабети менен да ооруп, жылда дарыланчу. Дайыма инсулин алып турчу. Кан басымы да ылдый эле.
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды... - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Абдырашитова: жолдошум акыркы учурларда жүрөгүм деп калган. Андан тышкары, кант диабети менен да ооруп, жылда дарыланчу. Дайыма инсулин алып турчу. Кан басымы да ылдый эле.

— Илдетти кайсы жылы илештирип алган?

— Мен билгенден бул оорусу 2007-жылы пайда болуп, анан ооруканага жаткан. Ошол учурда ал жаткан ооруканада медайым болуп иштечүмүн. Биз ошол жактан биринчи көрүшүп, таанышканбыз.

— Ооба, эстедим. Буга чейин ЖМКлардын бирине "ооруканадан табышканбыз" деп маек берип жүрсөңүздөр керек эле.

— Элмирбек ооруканага 2007-жылдын ноябрь айында жатыптыр. Бир күнү жумуштан чыгып тепкичтен түшүп келе жатсам, ал өйдө чыгып баратыптыр. Эски таанышын көргөн немедей мени бир саамга тиктеп туруп калды.

(Ал ортодо жаныбызда отурган Адылхан сөзгө аралашып, атасы менен апасы кантип таанышып калганын айтып кирди. Көрсө алар бул учурду жатка билишет экен). 

Адылхан: — Атам апамды тепкичтен түшүп баратканда көрүп калып, анан жактырып калган.

(Нурзат эже сөзүн улады)

— Эртеси жумушка барсам Элмирбек биздин кардиология бөлүмүнө которулуп, палатада жатыптыр. Мени көрө калып эле "кечээки ак куртка кийип чуркап бараткан кыз сиз белеңиз" деп сураган. Ошентип экөөбүз тааныш болуп калдык. Чынын айтсам, ага чейин Элмирбек Иманалиев деген төкмө акын бар экенин билчү эмесмин. Эки-үч күндөн кийин жанымда иштеген эжелерден уктум. Ооруканадан чыгып жатканда "дарыларды сурап турайын" деп телефонумду алган. Кийин чалышып, жазышып, сүйлөшүп жүрүп анан 2009-жылы январь айында баш кошуп, төрт балалуу болдук. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНурзат Абдырашитова: азыр улуу балабыз Эрулан 11 жашта, андан кийин Жайдары деген кызыбыз 3-класста окуйт, Адылхан болсо 1-класс. Элхан бир жаш 10 ай болду.
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды... - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Абдырашитова: азыр улуу балабыз Эрулан 11 жашта, андан кийин Жайдары деген кызыбыз 3-класста окуйт, Адылхан болсо 1-класс. Элхан бир жаш 10 ай болду.

— Көбү сиздердин ортоңордо үч эле бала бар деп ойлошуптур.

— Төртүнчү уулубузда удаа-удаа төрөгөндөн уялсам керек, эч кимге деле билдирген эмеспиз. Жакындарыбызга эле айткан болчубуз. Азыр улуу балабыз Эрулан 11 жашта, андан кийин Жайдары деген кызыбыз 3-класста окуйт, Адылхан болсо 1-класс. Элхан бир жаш 10 ай болду.

— Эгер сыр болбосо, агай экөөңөрдүн ортоңор канча жаш айырма эле?

— Төрт жаш. Мен азыр 38демин, Элмирбек 42ге чыккан.

— Колуңузду сураганда көпкө ойлондуңузбу?

— Башында экөөбүз байке-карындаш катары эле сүйлөшчүбүз. Андан кийин билинбей жүрүп эле бири-бирибизге жакын болуп кеттик. Мен анын үй-бүлөсү, эки кызы бар экенин билгем. Ал менин колумду сурап, биринчи сунуш киргизгенде аябай ойлонгом. Бирок жообун көпкө күттүрбөй эле бергем. 

© Фото / из семейного архива ИманалиевыхНурзат Абдырашитова: Элмирбек балдарын аябай жакшы көрчү. Айрыкча ушу кичүү балабызга жакын болду. Эшиктен кирип келгенде эле атасын сүйүнүп тосуп алчу. Анын элесин азыр деле унута элек. "Ата кана?" десек бөлмөсүндө чоң сүрөтү бар, ошол жерге барып атасынын сүрөтүнүн жанына жатып калат.
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды... - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Абдырашитова: Элмирбек балдарын аябай жакшы көрчү. Айрыкча ушу кичүү балабызга жакын болду. Эшиктен кирип келгенде эле атасын сүйүнүп тосуп алчу. Анын элесин азыр деле унута элек. "Ата кана?" десек бөлмөсүндө чоң сүрөтү бар, ошол жерге барып атасынын сүрөтүнүн жанына жатып калат.

— Элмирбек Иманалиевдин "Аруузатым" деген ыры бар эмеспи. Ошол ырын сизге арнап чыгарган деп уккандай болдум эле?

Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен - Sputnik Кыргызстан
Элмирбектин жаштыгы, сүйүүсү, тагдыры. Алп акындын сүрөттө калган ирмемдери
— Жок, бул ыр мага арналган эмес. "Аруузатым" чыккан кезде Элмирбек менен жаңы эле таанышкам. Бул чыгарманы токтогулдук кызга арнап чыгарганын мага өзү айтып берген. Ал кызды көргөн жокмун, бирок Элмирбектин айтуусу боюнча ал өзүнөн бир топ жаш кичүү болчу, троллейбустан таанышыптыр. Жолдошум экөөбүз башында тааныш катары сүйлөшүп жүрдүк да. Ошол учурда Элмирбек мага бул кыз тууралуу көп айтып калчу, жакшы көрсө керек. Ал тургай Элмирбектин атынан анын ата-энесине токтогулдук байкелер да барып колун сураганын уккам. Бирок ал макул болгон-болбогонун так билбейм.

— Сизге да арнап чыгарган ырлары болсо керек.

— Ооба, бар. Жаңы чыккан китепте бар. Аларды айтпай эле коеюн эми.

— Акындын кыздары менен катышасыздарбы? Келип турушабы?

— Кыздар менен мамилем жакшы. Мурда Элмирбек барда деле атасы менен катташып, сүйлөшүп турушчу. Кичүү кызы Сезим келип, балдар менен ойноп кетчү. Сүйлөшүп, катышып турабыз. 

© Фото / предоставлено Нурзат АбдрашитовойНурзат Абдырашитова: атабыз көзү тирүүсүндө эле "китеп чыгарчы" деп айта берчүбүз. Азыр китеп окуган заман болбой калдыбы же өзүн бышырып жүрдүбү, айтор, жетишпей калды.
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды... - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Абдырашитова: атабыз көзү тирүүсүндө эле "китеп чыгарчы" деп айта берчүбүз. Азыр китеп окуган заман болбой калдыбы же өзүн бышырып жүрдүбү, айтор, жетишпей калды.

— Элмирбек агай сыртынан эмнегедир аябай сүрдүү көрүнчү. Үйдө кандай ата, кандай жар эле?

— Элдин көбү, анын жакындары, ал тургай чыгармачыл чөйрөдөгү өзүнөн улуу эле кишилер "Элмирбек менен сүйлөшкөндөн тартынып турам, сүрдүү" деп айтып калышчу. Чынында эле анын сүрү бар эле. Үйдөн деле балдар бир нерсени айтарда дароо эле барып айтып салбай, баары чогулуп кеңешип, анан Адылханды алдыга салышчу. Бирок Элмирбек кайда болбосун дайым күлүп жүрөр эле. Үйдөн деле сүрдүү болгону менен кабагын салчу эмес, күлүп эле турчу.

Элмирбек балдарын аябай жакшы көрчү. Айрыкча ушу кичүү балабызга жакын болду. Эшиктен кирип келгенде эле атасын сүйүнүп тосуп алчу. Анын элесин азыр деле унута элек. "Ата кана?" десек бөлмөсүндө чоң сүрөтү бар, ошол жерге барып атасынын сүрөтүнүн жанына жатып калат.

— Элмирбек агайдын китептери да жарык көрдү. Ошол тууралуу да азыноолок кеп кылып кетесизби?

Журналист, акын Зайырбек Ажыматов жана кыргыз эл акыны Элмирбек Иманалиев жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык
— Атабыз көзү тирүүсүндө эле "китеп чыгарчы" деп айта берчүбүз. Азыр китеп окуган заман болбой калдыбы же өзүн бышырып жүрдүбү, айтор, жетишпей калды. Чоң эмес, чөнтөккө салып жүргөндөй китеп чыгарам деп калчу. Ошол айтканын аткарганга аракет кылдык. Элмирбектин көзү өткөндөн кийин тынч отура алган жокмун, жазгандарын элге жеткирейин деп аракет кыла баштадым. Дос, санаалаштары менен үч жарым айга чукул чуркап, жазгандарын чогултуп, анан бет ачарын жасадык.

Ал жакта жалаң ырлары жазылган. Эми проза жана күндөлүгүндөгү жазууларын топтоп жатам, буюрса аны да өзүнчө китеп кылып чыгарабыз.

— Төрт бала менен жалгыз оокат кылуу деле кыйын. Акча-тыйын жагынан кантип жатасыздар?

— Азыр эми Элмирбектин каражаты менен эле жашоо өтүүдө. Буга чейин медик болуп иштечүмүн. Бирок турмушка чыккандан кийин ал жумуштан чыкканга туура келген. Кайра деле ал тармакка барбайм го. Азыр менин негизги милдетим — Элмирбектин балдарын жакшы карап, аларга татыктуу тарбия берүү. Мындай кишинин балдарын чоңойтуу да өтө жоопкерчиликтүү иш экен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНурзат Абдырашитова: "Аруузатым" чыккан кезде Элмирбек менен жаңы эле таанышкам. Бул чыгарманы токтогулдук кызга арнап чыгарганын мага өзү айтып берген.
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды... - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Абдырашитова: "Аруузатым" чыккан кезде Элмирбек менен жаңы эле таанышкам. Бул чыгарманы токтогулдук кызга арнап чыгарганын мага өзү айтып берген.

— Уулдарыңардын арасында атасынын жолун жолдочулар барбы?

— Улуу балабыз Эрулан комуз чертип, ыр чыгарып калат. Атамдай акын болом деп анын көзү тирүүсүндө эле айтчу. Комузду да тез эле үйрөнүп алган. Ал эми Адылхан милиция болом дечү, азыр КТРКда алып баруучу болом деп калыптыр.

(Адылхан сөзгө кошулду)

Адылхан: — Мен үч тилек тандадым. Биринчиси — атамды уят кылбайм, экинчиси — жакшы окуйм, үчүнчүсү — апамдын жинин келтирбейм.

Н.А:. — Элмирбектин көзү өткөндөн кийин жашоо таптакыр башкача болуп калды. Сыртка чыксак деле, үйдө деле, баары башкача, мурдагыдай эмес. Ал сезимди сөз менен айтып жеткире албайсың... Бирок балдар үчүн белди бекем бууп жашаш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0