Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар оңдолот. Тизме

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМектептеги ремонт. Архив
Мектептеги ремонт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Капиталдык курулуш башкармалыгы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн конкурс жарыялаганы жатат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жакынкы аралыкта Бишкектеги бир катар жалпыга билим берүү мекемелерин оңдоо пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн мэрияга караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн конкурс жарыялайт. Тендердин жалпы баасы 8 миллион 719 миң 890 сом.

Оңдоло турган мектеп менен бала бакчалардын тизмеси:

  • №7, №47, №8, №13 мектептер;
  • №72, №185, №53, №26 бала бакчалар.
Жаңылыктар түрмөгү
0