Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүКүн батышы. Архив
Күн батышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-декабрга караган түнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 12-декабрь, ишемби күнү, күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 0…-5, Талас аймагында -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында -1…+4, Баткенде +1…+6, Ысык-Көлдө -2…-7 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо -2…-4 болсо, Ош шаарында +2…+4 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0