Иш берүүчү укугуңузду бузса, Мамэкотехинспекцияга кайрылыңыз. Байланыш номерлер

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКолл-центрдин кызматкери. Архив
Колл-центрдин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик мекеме борбордогу бардык уюм жана компаниялардын кызматкерлерин жардам же юридикалык кеңеш алууга чакырды.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция иш учурунда эмгек укуктары бузулган Бишкектин жашоочуларын кайрылууга чакырды.

Мекеменин маалымат кызматынын билдиришинче, инспекциянын өзүнүн негизги милдеттеринен тышкары КРдин эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча кызматы бар.

Инспекция Бишкектеги бардык уюмдардын, тагыраагы, мамлекеттик дагы, жеке дагы жактардын жумушчулары жана иш берүүчүлөрүн Сүйүмбаев көчөсү 16/а (Токтогул көчөсү менен кесилишет) дарегине кайрылууга чакырды. Сурап-билүү үчүн телефондор: (0504) 44-49-09, (0504) 44-41-23.

Акыйкатчы аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бообекова: иш ордунда укугу тебеленген кыз-келиндер жардам ала алат
Мекеменин Бишкек шаарындагы аймактар аралык башкармалыгына кайрылгандарга эмгек укуктарын коргоого жана юридикалык кеңештерди алууга жардам берилери белгиленди.

Эске салсак, 1999-жылы Кыргызстанда Мамлекеттик эмгек инспекциясы түзүлгөн. 2012-жылы мамлекеттик органдарды реформалоонун алкагында бөлүм Мамлекеттик экотехинспекциянын курамына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0