Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКыш тоолордо. Архив
Кыш тоолордо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-декабрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондордо туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жекшемби күнү, 13-декабрда, күндүз өлкөдө күн ачык болот. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -2...-7, Талас жергесинде 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0...+5, Ысык-Көлдө -2...+3, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте -4...-6, ал эми Ошто +3...+5 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0