Коррупцияга каршы кызматтын мурдагы жетекчиси УКМКнын тергөө абагына киргизилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чоткараев өлкөгө зер буюмдарды аткезчилик жолу менен алып кирген адамдарды абактан мыйзамсыз коё берүүгө тийиштиги бар деп шектелип жатат.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Чоткараев өлкөгө зер буюмдарды аткезчилик жолу менен алып кирген адамдарды абактан мыйзамсыз коё берүүгө тийиштиги бар деп шектелип жатат.

“Тергөө Чоткараевдин бул ишке тийиштиги бар экенин көрсөттү”, — дешти УКМКдан.

12-декабрь күнү Башкы прокуратура Чоткараевге кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга жана экономикалык аткезчиликке шектелип жатканын кабарлаган. Ошол эле күнү анын баш коргоо чарасы тандалган. Ага ылайык, тергөө аяктаганга чейин абакта болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0