Теше тиктеп турушат! Адамды өмүр бою эркинен ажыраткан сот кандай сезимде болот

Жазылуу
Сот, ыйга муунган кылмышкер жана киши колдуу болгон маркумдун жакындарынын каардуу жүзү... Ошондой көрүнүштү бир саамга элестетип көрүңүзчү...

Сот Азизбек Досмамбетов киши өлтүргөн адамга деле өмүр бою эркинен ажыратыларын угузуу оңой-олтоң эмес экенин айтат.

Азизбек Досмамбетов жети жылдан бери сот болуп иштейт. Бул мезгил аралыгында анын ысымы чуулгандуу окуяларга, чуулуу иштерге аралашкан жок, мүлкү боюнча декларацияда да илинчегин таппадык. Документте тек гана эски жеңил унаасы көрсөтүлгөн. Ушул тапта Бишкек шаардык сотунда эмгектенет. Жаш сот менен бир чечиле сүйлөштүк.

— Көпчүлүк кесиптин романтикасына берилип, юристтик адистикке тапшырышкан. Сиз да ошол агым менен бул кесипти өздөштүргөн белеңиз?

— Прокурор болууну самачумун, кылмыш ишин иликтеп, кылмышкерлерди кармагым келчү. Борбор калаанын Октябрь районунун прокуратурасында коомдук башталышта бир жылдай иштедим.

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьясы Таалайгүл Кадыркулова  - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдү соттогондо энелик сезим селт эттирет. Судья Кадыркулованын маеги
1990-жылдар эле, абдан оор кылмыштар жасалчу ал кезде. Ошондо адам башка кишини кандай мыкаачылык менен өлтүрүүгө даай аларын биринчи ирет билдим. Бирөө эч эстен кетпей койду. Өлүкканада маркумдун көйнөгүн чечишти, денеси калбыр болуп калыптыр. Эксперттер 14 жолу бычак жегенин аныкташты! Кылмышкердин изин суутпай таптык. Көрсө, эки киши үйдө уруша кетишет, айыпталуучу эстен танган мас абалда экен.

Тилекке каршы, прокурор боло алган жокмун: 1999-жылы КР Кылмыш-жазык кодексине олуттуу өзгөртүүлөр кирди. Мен алектенгим келген өзгөчө оор иштердин көпчүлүгү милициянын кароосуна өткөрүлдү. Бир азга тыным алууга туура келди... Ошол тушта жеке компаниянын юристинин жардамчы орунун сунуштап калышты.

— Эмнеге кайра мамлекеттик кызматка кайттыңыз? Ага караганда жеке компанияларда көбүрөөк төлөнөт го?

— Банкка юрист болуп орношуу же Жогорку соттун төрагасынын жардамчысы болуу — ушул эки жумуштун бирин тандоого тийиш элем. Айтканыңызга кошулам, жеке тармакта маяна алда канча жогору. Бирок жакындарым менен кеңешип, алардын жаш, бой кезиңде карьера жасап алганың оң деген ойлорун туура көрдүм.

— Японияга кантип барып калдыңыз?

— 2008-жыл, Бакиев бийликте турган убак болчу. Өлкөдө эмне гана болгон жок, куру дегенде эле рейдердик басып алууларды эле эстеңизчи. Андай адилетсиздиктин баарын көрүп туруп убактылуу алыска кетким келди.

Японияда мамлекеттик кызматкерлерди окутуу программасы жөнүндө уктум, талапкерлигим да туура келип калды. Япон тили экинчи чет тилим, мамлекеттик кызматта тажрыйбам бар. Айтор, ошентип япониялык университетке магистратурага кабыл алындым. Жубайым менен бирге ал жакка бет алдык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСот Азизбек Досмамбетов киши өлтүргөн адамга деле өмүр бою эркинен ажыратыларын угузуу оңой-олтоң эмес экенин айтат
Теше тиктеп турушат! Адамды өмүр бою эркинен ажыраткан сот кандай сезимде болот - Sputnik Кыргызстан
Сот Азизбек Досмамбетов киши өлтүргөн адамга деле өмүр бою эркинен ажыратыларын угузуу оңой-олтоң эмес экенин айтат

— Кыйналган жоксузбу?

— Советтер Союзуна да окшоп кеткен жагы бар: абдан меймандос калк, турмушка зарыл нерсенин баары адамдардын колунда бар, социалдык пакеттери жакшы.

Ал эми университетте мага оңой болгон жок, бул жактагы окуу менен салыштыра албайсың, караандабайт дагы. Алгачкы жарым жылда китепканадан башым чыккан жок, талыкпай окушум керек болду.

— Мурдагы юстиция министри Уран Ахметов Японияда окуп жүргөнүндө ай сайын 1500 доллар стипендия алганы үчүн сынга кабылганы эсиңиздеби? Япония үчүн бул сумма көп деле эместигин айтып түшүндүргөн.

Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги
— Менин стипендиям 1800 доллар болчу. Японияда жалгыз болсоң, бул — дурус каражат. Жубайым менен баргандыктан өп-чап жетчү. Ал өзү да англис тилин үйрөтүп, акча тапчу. Мисалы, турак жай ижарасы кеминде эле 500 долларды түзөт. Интернет, уюлдук байланыш — бизге караганда алда канча кымбат.

Жыйынтыгында япондуктар мамлекеттик кызматкерлердин минималдык маянасына караганда эмнеге чет элдик студенттердин стипендиясы жогору деп нааразы болушат. Биз Кыргызстанга кайткан кезде стипендиялар төмөндөтүлгөн.

— "XXI кылымдын кадрлары" аягы аянычтуу программа эске түштү. Мамлекет кыргызстандыктардын чет өлкөдө билим алуусуна көп каражат салган. Жыйынтыгында эбегейсиз сумманы коротушту, бирок программанын катышуучуларынын көпчүлүгү мекенге кайтпай коюшту. Японияда биротоло калуу оюңузга келген жок беле?

— Жок, окуудан кийин үч жыл Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштөө милдеттенмесин алгам. Менин билим алуум арзан турбаганын түшүнгөм. Болжол менен 100 миң доллар. Бул, албетте, грант, бирок баары бир чоң акча. Аларды актабай коюу жеткен жоопкерчиликсиздик болмок.

Тилекке каршы, студенттер мамлекетке кайткысы келип, бирок алардын ордун эбак ээлеп коюшкан учурлар белгилүү. Менде андай болгон жок, эл аралык бөлүмдү жетектечүмүн. Ишимди гана улантпастан, алган билимимди колдонууга да мүмкүнчүлүк болду. Чынын айтканда, Японияда жашап калуу туурасында ой да келген эмес. Жарандык алган күндө деле алардын арасында эч качан өз боло албайсың. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДосмамбетов: 1990-жылдар эле, абдан оор кылмыштар жасалчу ал кезде. Ошондо адам башка кишини кандай мыкаачылык менен өлтүрүүгө даай аларын биринчи ирет билдим
Теше тиктеп турушат! Адамды өмүр бою эркинен ажыраткан сот кандай сезимде болот - Sputnik Кыргызстан
Досмамбетов: 1990-жылдар эле, абдан оор кылмыштар жасалчу ал кезде. Ошондо адам башка кишини кандай мыкаачылык менен өлтүрүүгө даай аларын биринчи ирет билдим

— Кандайча сот болуп калдыңыз?

— Сынакка документ тапшырганым менен өтөрүмө деле ишенген эмесмин. Болбой калса, жеке компанияга кете берем деп койгом. Сынактан өтүп кеттим.

— Адам өмүрүнүн көп бөлүгүн түрмөдө өткөрөрү боюнча өкүмдү угузуп жатканда сот кандай сезимде болот? Ушул мага дайым кызык боло берет.

— Өмүр бою эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарууга туура келген. Андайды унуткаруу мүмкүн эмес... Кандай кылмышкер болбосун, ал баары бир адам. Сен ага өкүмдү окуп жатасың, ал эми кылмышкер сенин көзүңө теше тигилет. Экинчи жагынан адам чындап оор кылмыш жасады, жазалоо принцибин эч ким жокко чыгара элек.

— Өтө оор мөөнөткө кесилерин аңдаганда кылмышкерлердин жүрүм-туруму кандай болот?

— Адатта алар өкүмдү жумшартуу үчүн болушунча аракет кылышат, ыйлашат, күнөөсүн моюнга алышат. Кантип кылмышка барганы эстеринде жок, баарына ичкилик "айыптуу" экенин айтышат. Бир учур эсимде. Айыпталуучу улгайып калган, "тажрыйбалуу" ууру экен. Ал убакта 35 жашта болчумун. Жол-жобого ылайык анын сотко ишенип-ишенбесин суроого тийишмин. Ал мени узакка карап туруп: "Макул, ишенем", — деп жылмайды. Элестетип көрүңүз, карт ууру, ага өкүм чыгарган жаш сот...

Женская колония - Sputnik Кыргызстан
Сойкуканага кыз сатчумун. Бишкектин абагындагы аялдардын жашоосунан баян
Күнөөсүн моюнга алды, зыянды төлөп берди, бирок ал кишинин мурда жасалган кылмыштары көп экен. Эски Кылмыш-жазык кодекси боюнча, калькулятор менен эсептегендей киши кандай жаза аларын саноого болор эле. Курагын эске алуу менен ортодон төмөн мөөнөт белгиледим, бирок баары бир кыйла көп жыл чыкты. Өкүмдү укканда соттолуучу "макул" деп токтоо гана кабыл алды. Сот алдына көп чыгып калган кишилер жаза кантип эсептелерин, канча мөөнөт берилерин өздөрү билишет.

Чындыгында кылмыш иштерин кароо абдан оор, себеби адамды эркинен ажыратууга туура келет. Мындайда жарандык иштер кыйла жеңил.

— Жарандык иштерди изилдеп калган жайым бар, неге таң калдым дебейсизби? Алардын басымдуу бөлүгү алимент боюнча экен. Кыргызстанда сот гана эркектердин көпчүлүгүн өз балдарына көмөктөшүүгө мажбурлай алары кызык!

— Ооба, адамдар эмнегедир өздөрү тынч ажыраша албай, сотко кайрылууга аргасыз болушат. Көбүнесе эркектер алимент төлөгүсү келбейт, кайра үйлөнүшөт, дагы балалуу болушат. Бардык балдарына кам көрүүгө эч кандай материалдык мүмкүнчүлүгү калбайт. Ошондуктан соттук процесстер башталат.

Соңку жылдары дагы бир көйгөй чыкчу болду. Ата-энелер бала ким менен каларын сот аркылуу чечишет. Мурда балдар дароо энесинде калчу, бирок азыр эркектердин көпчүлүгү балдарын өздөрү тарбиялоону каалашат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДосмамбетов: менин стипендиям 1800 доллар болчу. Японияда жалгыз болсоң, бул — дурус каражат
Теше тиктеп турушат! Адамды өмүр бою эркинен ажыраткан сот кандай сезимде болот - Sputnik Кыргызстан
Досмамбетов: менин стипендиям 1800 доллар болчу. Японияда жалгыз болсоң, бул — дурус каражат

— Менимче, алимент маселесин сот аркылуу чечүү — эркек үчүн уят иш.

— Адамдарга акыл үйрөтүүгө акыбыз жок, аларды тыңдай гана алабыз. Айтмакчы, аялдар мындай жагдайдан жадаганда: "Алимент төлөп, баланы тарбиялоого катышкың келбейби? Маселе эмес, кел муну документтештирип алалы. Сени аталык укугуңдан ажыратам", — дейт. Кызыгы, эркектер ушундай учурда гана алимент боюнча карыздарынын баарын төлөп кирет.

Чындыгында жалпысын бирдей деп саноого болбойт, себеби ажырашкандан кийин алимент төлөгүсү келбеген эркектер гана соттошот. Антпесе баары бир өз милдеттенмелерин аткарып келгендер да көп эмеспи.

— Аялдардын көбү сотко кайрыла бергиси келбейт. Дегеле Кыргызстанда сот системасынын аброю анчалык жакшы эмес. Адамдар сотко ынанышпайт.

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж
— Айтканыңызга кошулбайм, мага тааныштар кайрылып: "Эгер кандайдыр көйгөй менен сотко кайрылсам, утуп чыга аламбы?" – деп көп сурашат. Бирок сиз соттон утуп же утуларыңызга эч ким кепилдик бере албайт. "Адатта мындай доо арыздар утуп чыгат", – деп гана жооп кайтарасың. Иштин жүрүшүндө кандайдыр жаңы жагдайлар аныкталып каларын дайым эске алуу кажет. Жүз пайыздык жеңишке кепилдик беришке болбойт.

Кээде жактоочулар кардарын процессти сөзсүз утуп чыгарына ынандырып коюшат, иш жүзүндө утулушат. Эми алар деле кардарына бир нерсени убада кылышы керек да! Ошентип сөздөр айтыла берет...

Дагы бир тарабы бар. Мисалга Россияны алалы. Эгер кишинин юридикалык билими болсо, ал жакта келишим аркылуу кызыкчылыктарын коргоого уруксат. Бизде андай жобо жок, сиздин кызыкчылыгыңызды туш келген киши коргой берет.

— Сиздин пикириңизде, соттордун кесиптик беделин кантип жакшыртууга болот? Эл алардын баарын паракор катары көрөт.

— Биринчиден, соттор менен процесстин катышуучулары сот залынан тышкары эч качан жолукпагандай, ашыкча байланышта болбоого тийиш. Азыр соттук имараттар соттор отурган тарапка эркин кире албагыдай долбоорлонуп жатат. Бирок кээде адамдар баары бир келип: "Эч ким билбейт да", – дешет. "Тигине камера, көрдүңүзбү? Ал тынымсыз иштеп турат. Кечиресиз, сизди кабыл ала албайм", – деп кетирем. Бул жемкорлукка айыптоодон гана эмес, мыйзамсыз аракеттерден, мисалы, бир нерсе таштап кетишинен да коргойт.

Экинчиден, соттор материалдык багытта көз карандысыз болгону маанилүү. Өз кирешемдин көлөмүн атай албайм, бирок Кыргызстанда соттордун маянасы кыйла жогору.

Үчүнчүдөн, жемкорлукка катуу жаза көрүлүшү зарыл. Биздин мыйзамдар бул багытта абдан катаал. Жемкорлукка шектенүү да соттун карьерасына чекит коюлду дегенди билдирет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДосмамбетов: мисалга эркинен ажыратуу чарасын алалы. Чет өлкөлөрдөгү тажрыйбаны карасак, бул — эң соңку, катуу чара. Ал эми бизде ал бардык жерде колдонула берет. Менимче, бул туура эмес
Теше тиктеп турушат! Адамды өмүр бою эркинен ажыраткан сот кандай сезимде болот - Sputnik Кыргызстан
Досмамбетов: мисалга эркинен ажыратуу чарасын алалы. Чет өлкөлөрдөгү тажрыйбаны карасак, бул — эң соңку, катуу чара. Ал эми бизде ал бардык жерде колдонула берет. Менимче, бул туура эмес

— Билбейм, аткаминер менен саясатчылардын бетин кызартып койбойт го бул көрүнүш...

— Биз аткаминер эмеспиз да! Канча сот аткаминер болду, айтыңызчы?

Биздин бардык чечимдер, тигил же бул өкүмдү чыгаруу жөнүндө бардык жүйөлөр катталгыдай кылуу керек. Тараптардын кай бири сизди акыйкатсыздыкка айыптаса, өз чечимиңизди түшүндүрүп бериш үчүн мунун кереги тиет.

— Айрым мыйзамдар акыйкатсыз туюлат мага. Сизгечи?

— Кыргызстанда мыйзамды оңдогонду жакшы көрүшөт, улам жаңыларын жазышат... Жыйынтыгында адамдын логикасына сыйган кырдаал мыйзамга жат болуп чыга келет. Негизи мыйзам дайым адилеттүүлүктүн сакчысы болууга тийиш.

Женская исправительная колония №2  - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж
Мисалга эркинен ажыратуу чарасын алалы. Эгер чет өлкөлөрдөгү тажрыйбаны карасак, бул — эң соңку, катуу чара. Ал эми бизде ал бардык жерде колдонула берет. Менимче, бул туура эмес.

Жакында эле депутаттар Кылмыш-жазык кодекси шашылыш кабылданганын моюнга алышты. Документке түзөтүү киргизүү демилгеси көтөрүлдү, бирок негедир ал ой аягына чыгарылбай калды. Балким, бул соңку саясий окуяларга байланыштуу чыгар, бирок кодексти баары бир иштеп чыгуу абзел.

— Кылмыш-жазык кодексин өзгөртүүгө он жылдык мораторий коюлган да!

— Конституцияны өзгөртүүгө да мораторий киргизилген, эсиңиздеби?.. Биз мыйзамдар менен кызуу алектенип алдык, аларды ушунчалык татаал кылып койдук. Юрист эмес карапайым адам алардын кандай иштей турганын түшүнүшү кыйын.

Мисалы, Германияда мындай система бар: эгер адамдын укугу бузулса, ал сотко келет. Сотто адилеттүүлүк табат. Бизде доо арызын алып келген адамга: "Сиз арызды туура эмес тапшырдыңыз", – дешет. Арызын кайра жазат, антсе да документтерин колуна карматып, жактоочуга кайрылууга кеңеш берип узатышат. Сот органдарынын адамдарга эмне кылуу керектигин айтууга акысы жок, анын бейтарап болушу шарт.

Мурда кыргыздарда баары ашыкча машакатсыз чечилген сот болгон эмеспи! Азыр адамдар жардам сурап кайрылып, бюрократияга туш болушат. Менимче, бул система өзгөрүүгө муктаж!

Жаңылыктар түрмөгү
0