Саякатчы Бернара Бахтияр. Архивдик сүрөт

Иштеп да, саякаттап да… 44 өлкөнү кыдырган кыргызстандык кыздын баяны

1769
(жаңыланган 20:42 13.12.2020)
Бир нече жыл мурун Бернара күтүүсүз окуяга тушугат. Ошол жагдай бардык керексиз буюмдарын ыргытып, чоң рюкзакты асынып, саякатка чыгууга түрткү болот. Анын бул аракети үч жылдан ашуун убакытка созулары анда үч уктаса түшүнө кирбегендир.

Бернара Бахтияр кыдырган өлкөлөрдү санап чыгуу үчүн эс-тутумду бир топ күчтөндүрүүгө туура келет. 28 жаштагы мекендешибиз 44 мамлекетти кыдырып келген! Кантип десеңиз, анда жоопту саякатчынын Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинен табыңыздар.

— Баары кантип башталган?

— Бир нече жыл AIESEC уюмунда иштедим. 22 жашымда такшалма программасы боюнча Тайванга кеткем. Дал ошол жакта тагдырымдагы бурулуш учур болду. Ошондон кийин жашоомду өзгөрткүм келгенин түшүндүм.

Досторум менен паромдо баратканбыз. Бир убакта эки жүз жүргүнчү бараткан кеме катуу бороонго кабылды. Кеменин ар бурчунан суу кирип, кемедеги буюмдардын баары суу болду. Кеме чайпалып, куткаруучу күрмөлөр баарына тегиз жеткен жок. Биз кабылган окуялар "Титаниктеги" эпизодду эске салды, баарыбыз катуу корктук.

Ошондо: "Дүйнөнү көрүүгө үлгүрбөй ушундай жаш бойдон кете беремби", – деген ой келди. Өмүрүмдү кеңседе эле өткөргүм келбегенин да түшүндүм. Ошондуктан бир айдан кийин компанияга кетүүгө ниеттенгенимди билдирдим. Мага аралыктан иштөөнү сунушташканда дароо макул болдум. Кийин Таиландга көчүп кеттим. 

Путешественница из Кыргызстана Бернара Бахтияр
© Фото / из личного архива Бернары Бахтияр
Бернара Бахтияр кыдырган өлкөлөрдү санап чыгуу үчүн эс-тутумду бир топ күчтөндүрүүгө туура келет. 28 жаштагы мекендешибиз 44 мамлекетти кыдырып келген

— Андан ары эмне болду?

— Бангкокто жарым жыл туруп, көп кызыктуу адамдар менен тааныштым. Дем алыш күндөрү саякаттап, бүт өлкөнү кыдырып чыктык! Курбум Бангкоктогу турмуштан жадай түшкөнүн, саякатка чыгууну чечкенин айтып калды. Ошондо өзүм да андан ары саякаттагым келгенин сездим.

Батирди өткөрүп берип, керексиз буюмдарымды топтоп, кайрымдуулукка тапшырдым. Рюкзагым гана калды, ага эң керектүү 12 килограммдык оокатым сыйды. Арасында ноутбугум да бар эле. Чынында саякат бир нече айга гана уланат деп болжогом. Үч жылга созулуп кетери түк ойго келген эмес. Бирок кырдаал башкача нукта кетти. Мага аралыктан маркетолог болуп иштөөнү сунуштап калышты. Иш менен сапарларды айкалыштыруу үчүн алар менен жарым ставкага макулдаштым. Ошондон тарта саякаттап да, иштеп да келем.

Адегенде Камбоджа, Вьетнам жана Лаоско бет алдым. Дал ушул өлкөлөргө барууга виза көйгөйү жок. Ал жакка аяк басканда виза берилет же кереги деле жок. Кийин курбум мени Түштүк Кореяга чакырды, ал жакка мейман визасы менен жөнөдүм. Андан ары барган жерлерим — Филиппин, Малайзия... Ошентип отуруп 44 өлкөнү көрдүм.

— Ар биринде канча убакыт жашадыңыз?

— Баары мамлекеттердин чет элдиктердин жашоосу тууралуу ички эрежелерине жараша, ар кай жерде ар бөлөк визасыз режим бар. Орточо ар бир өлкөдө 3-4 апта болдум. Бирок Иорданияда араң эки апта тура алдым, анткени абдан кымбат мамлекет. Японияда да жашоо чөнтөк кагат, мисалы, таксиге түшкөнүң эле 40 доллар турат. Индия жана Вьетнамда жашоо баарынан арзан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Bernara 💃🏻 Travel + Lifestyle (@inherstories)

— Кайсы өлкөгө кайра кайтууну самайт элеңиз?

— Бирөөнү аташ кыйын, ар бири өзүнчө керемет. Антсе да кайра көргүм келген беш өлкө бар. Японияда эки ирет болгом, бирок дагы бир көрүштөн артка кайтпас элем. Бул уникалдуу эле мамлекет эмес, башка бир планета. Перу жана Мексикага бир барар элем. Италия да көңүлүмө төп, тургундары жаркылдаган, меймандос калк келет. Ошондой эле Филиппинге жөнөмөкмүн: аябай кооз жана виза талап кылынбайт.

— Кандай адат же салт-санаа таң калтырды?

— Делиде жүргөн убагым эле, түндө отелге такси менен кайтып келе жаткам. Жолдо жасанып алган эркек киши атчан баратат, аркасынан эл чубалат. Бир башкача көрүндү мага, таксист үлпөт той ошондой өтөрүн түшүндүрүп берди. Перулук энелер балдарын бышык кездемеге ороп жонуна көтөрүп алышары да эсимде калды. Жергиликтүү жашоочулар үчүн бул кадыресе көрүнүш, бирок мен андайды ошондо биринчи көрдүм. 

Путешественница из Кыргызстана Бернара Бахтияр
© Фото / из личного архива Бернары Бахтияр
Бернара Бахтияр: Японияда эки ирет болгом, бирок дагы бир көрүштөн артка кайтпас элем. Бул уникалдуу эле мамлекет эмес, башка бир планета

— Жакындарыңыз жалгыз саякаттоо чечимиңизге кандай карады?

— Үй-бүлөмдүн колдоосуна ыраазымын. Жакындарым өз алдынчалыгыма башынан көнүп калышкан. Өзүмдү өзүм багып калганыма бир топ болду, саякат чыгымдарынын баарын өзүм көтөрөм. Үй-бүлөм кыялдарымды орундатуудан чочулабаганыма кубанышат.

— Менимче, үч жыл саякаттап, бир дагы ирет коркунучка кабылбаган киши болбосо керек...

— Кудай жалгап, өмүргө коркунуч туудурган учурга тушуккан жокмун. Турмушта орун алган нерселер боюнча туура ой жүгүртүп, жакшы билбеген жерлерде түнкүсүн сейилдөөгө болбостугун так билем. Анткени өз аракеттериме өзүм жооп берем. Бирок бир ирет жагымсыз бир окуя болду.

Шри-Ланкада хостелге бараткам, бир маалда айдоочу адепсиз сунуштарды айта баштады. Аларды угуу мага аябай жийиркеничтүү болду. Эки-жакты карасам, кыштактар ортосундагы ээн жолдо экенбиз, тегеректе кыбыр эткен жан жок. Аябай корктум дебейм, каршылык көрсөтө аларымды билип эле турдум. Аны бир чаап жиберүүдөн кайра тартып, токтотууну өктөм өтүндүм. Ал токтоп, бирок эч кимге айтпа деп опузалайт, айтымында, турист кыздын сөзүнө эч ким ишенбейт имиш.

Саякатка чыкканыма эки жыл болуп калган, мурда мындай окуяга түк кабылган эмес элем. Үч күн ыйлап жүрдүм, бир убакта өзүмдү күнөөлөп кирдим. Бирок кудай жалгап аң-сезимдүүлүк жеңип кетти. 

Путешественница из Кыргызстана Бернара Бахтияр
© Фото / из личного архива Бернары Бахтияр
Бернара Бахтияр: өзүмдү өзүм багып калганыма бир топ болду, саякат чыгымдарынын баарын өзүм көтөрөм. Үй-бүлөм кыялдарымды орундатуудан чочулабаганыма кубанышат

— Ден соолук жагынан кыйналган жоксузбу?

— Перуга барганда бийик тоо оорусун өз жон терим менен сездим. Менин организмим бийик тоого көнгөн деп жүрчүмүн, андай эмес экен. Баш оору эзип, көңүл айланып, чабал болуп, дене табымдын көтөрүлгөнү аябай кыйнады. Керебетте жатып, кайдан да бул жакка келдим дейм. Көрсө, туристтердин көбү мындай ооруга тушугат экен.

— Өз блогуңузда Кыргызстан тууралуу чет элдиктердин билгендерин кызыктуу да, кейиштүү да тред (блог же форумдарда талкууда камтылган баян — ред.) жазыпсыз. Бир европалык жаран Айтматовду сүйүп окуй турганын айткан тура. Ошол туурасында кеңири кеп салсаңыз.

— Ооба, австриялык киши. Кыргызстандан экенимди укканда жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду билерин, анын чыгармаларын окуганын айта салды. Ошондой кишилер көп болсо дейсиң, бирок биздин республикабызды көп биле беришпейт. Ютубдан "Кыргызстан" деп жазып издеңиз, биринчи сапка кыз ала качуу жөнүндөгү тасмасы чыгат. Бул көпчүлүктүн үрөйүн учурат, алар: "Оу, сен кыз ала качкан өлкөдөнсүңбү?" – деп түз эле сурашат.

Чет жакта биздин өлкө тууралуу Google сервисиндеги сүрөттөргө карап баа беришет, ошондуктан алар чындап эле биздин боз үйдө жашап, ат минип жүрөт деп ойлошот. Үч жыл аралыгында Кыргызстан тууралуу айтып бергенден чаалыкпадым, себеби чет өлкөлүктөрдүн биздин маданияттан кабардар болууга андан башка мүмкүнчүлүгү жок эмеспи. Ар кайсы өлкөлөрдөгү досторум менин ошондой баяндарымдан кийин республикабызды бир көргүсү келип калышат. Андай убакта сыймыкка бөлөнөм.

Биздин өлкөнү мекендештерибиз эле эмес, Кыргызстанга келип кеткен чет өлкөлүктөр да айтып түгөтө алышпайт. Түркиядагы хостелдердин биринде бир америкалык киши менин кайдан экенимди кулагы чалып калат. Дароо мага бурулуп: "Вау, сен Кыргызстандансыңбы? Мен эки жыл жашап кеткем!" – дебеспи. Сүйлөшүп жатып эле кыргызча баарлашып кирдик, айланабыздагыларды ошентип таң калтырганбыз. Ал жигит манты жегенин, айылдарды аралап жүрсө, баары аны көрөбүз деп келишкенин айтып берди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Bernara 💃🏻 Travel + Lifestyle (@inherstories)

— Былтыр мекенге кайтыпсыз, буга эмне себеп болду?

— Чет жакка магистратурага тапшырууну пландагам. Бул жакта оюмду топтоп, бир аз эс алып, кийин кайра саякаттай баштайм деп чечкем. Анан өзүңүздөр көргөндөй, пандемия башталып калды, чек аралар жабылды, ошентип Кыргызстанда калдым. Бул да тегин жерден эместир, жакшылыкка деп жоруп койдум.

— Эртең бардык чек аралар ачылат дейли. Биринчи кайсы өлкөгө аттанасыз?

— Бельгияга сапар алам, Антверпендин окуу жайларынын бирине магистратурага өткөм. Виза боюнча жоопту күтөм. Баса, бул университетти былтыр жайда барып көргөм. Мага Хогвартсты эске салды.

— Блогуңузда америкалык чек ара кызматкери турмушка чыга электигиңизди угуп, таң калганын да жазгансыз. Ошондо 26 жашта экенсиз. Анын реакциясын кандай кабыл алдыңыз?

— Кызык туюлган мага. Турмуш курууга бейтарап карайм, жыйырмадан өткөндө эле баары тегиз үйлөнүшү керек деп эсептебейм. 

Путешественница из Кыргызстана Бернара Бахтияр
© Фото / из личного архива Бернары Бахтияр
Бернара Бахтияр: биздин өлкөнү мекендештерибиз эле эмес, Кыргызстанга келип кеткен чет өлкөлүктөр да айтып түгөтө алышпайт

— Саякатта күтүлбөгөн жагдайлар болот го, маселен, туристтер документтерин жоготот же акча-тыйынсыз калышат. Андай учур болгон жокпу?

— Берлинге барганымда эч нерседен чочулоонун кажети жок деп ойлогом. Ага дейре Индия, Непал жана Перуну кыдырып келгем, сапарларым жакшы болгон. Бирок немец борбору мага күтүүсүз "белек" камдап туруптур. Биринчи эле күнү капчыгымды уурдаттым. Дагы жакшы, ичинде накталай акча деле жок, болгону банк карталары бар эле. Ошондо өмүрүмдөгү андай жоготуу дал Берлинде болгонуна бир эсе күлкүм келген, бир эсе ыза болгом.

— Чет өлкөдө мекендештерди көп учуратасызбы?

— Үч жыл ичинде эки жолу гана кыргызстандыктар менен кезигип калдым (капыстан жолугуу дегеним). Биринчи жолкусунда малайзиялык хостелдердин биринде. Деңиз жээгинен жаңы эле келсем: "Бернара, Кыргызстандан бир кыз келди!" – деп мени тегеректей калышты. Менден да алар катуу сүйүнгөндөй сезилген.

Экинчи ирет Бангкоктогу жаш ишкерлердин жолугушуусунда көрдүм. Бейтааныш кыз Бегимай деп атын айтканда эле анын кайдан экенин тактоо үчүн орусча сүйлөп киргем. Көрсө, мекендеш экенбиз. 

Путешественница из Кыргызстана Бернара Бахтияр
© Фото / из личного архива Бернары Бахтияр
Бернара Бахтияр: саякаттоону кааласаңыз, жаныңызга көп оокат албаңыз, анын жарымына жакынын баары бир колдонбойсуз. Жоготуп алсаңыз да кейибегендей же таштап кете бергидей буюмдарды салыңыз

— Айтмакчы, кыргызстандыктар сизди ысымыңызга карап мекендеш деп ойлобосо керек.…

— Ооба, адамдар дайыма ысымыма таң калышат. Айрымдары "өлкөңдүн аталышын эле айтыш кыйын, атыңды такыр эле жаттай албайсың го", —  деп тамашалап калышат. Апам мага белгилүү балерина Бернара Кариеванын ысымын койгон экен.

— Саякаттоону жаңыдан баштагандарга кереги тийип калчу кеңештериңизден бөлүшсөңүз.

— Жаныңызга көп оокат албаңыз, анын жарымына жакынын баары бир колдонбойсуз. Жоготуп алсаңыз да кейибегендей же таштап кете бергидей буюмдарды салыңыз. Вакуумдук баштыктарга эки эсе көп кийим батат.

Мыйзамдардын жана башка документтердин көчүрмөсүн да алып алганыңыз оң, чек арада керегиңизге жарап калышы мүмкүн. Чек арачылардын баары тегиз Кыргызстандын визалык режими тууралуу толук маалыматка ээ боло бербейт. Ошондуктан алдын ала ага кам көргөнүңүз дурус.

Ошондой эле эгер жалгыз саякаттап жүрсөңүз. күндүзгү рейстерди тандоого кеңеш берер элем. Бейтааныш өлкөдө ансыз да багытын табыш кыйын, ал эми түнкүсүн алда канча татаал.

1769
Белгилер:
пандемия, иш, мыйзам, чек ара, документ, виза, Кыргызстан, саякат
Тема боюнча
Чет элдик саякатчы Кыргызстандын тоолорунан эки ак илбирсти тартып алды
Транссиб сапары. Австриялык фотографтын Россияга саякаты
Профессор Роза Айтматова. Архив

Бишкекте Роза Айтматованын "Атам жөнүндө" аттуу китебинин бет ачары өтөт

3
(жаңыланган 19:18 20.01.2021)
Китепте Төрөкул Айтматовдун Кыргызстандын эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы баяндалат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте Роза Айтматова "Атам жөнүндө" аттуу эскерүү китебинин бет ачары өтөт. Бул туурасында Кыргызпатенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара эртең, 21-январда, саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын конференц-залында өтөт.

Бул китеп Кыргызпатент тарабынан 2020-жылы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата мамлекеттик жана расмий тилде 500 нускада чыгарылган.

Анда Төрөкул Айтматовдун көп кырдуу ишмердигинин ичинен Кыргызстандын эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын түптөөгө кошкон салымы архивдик материалдардын негизинде чагылдырылган.

Бет ачарга Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү, Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Китеп окурмандардын кеңири катмарына сунушталат.

3
Белгилер:
бет ачар, китеп, Роза Айтматова, Кыргызпатент, Кыргызстан
Тема боюнча
Айтматовдун чыгармалары урду тилине которулду
Аткаминер иш учурунда. Архив

Калктын кыргыз бийлигине ишеними азайып кетти. Статкомдун изилдөөсү

5
(жаңыланган 19:04 20.01.2021)
Сурамжылоонун жыйынтыгында аткаруу бийлигине элдин ишеними 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 баллга төмөндөгөн.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында калктын ишеним индекси кыргыз бийлигине былтыркыга салыштырмалуу төмөндөп кетти. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

Изилдөө декабрь айында жүргүзүлүп, 18 жаштан 75 жашка чейинки Кыргызстандын 3600 жараны сурамжылоого алынган.

Натыйжада аткаруу бийлигинин, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине калктын ишеним индекси 25 баллды түзгөн. Муну менен 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 баллга төмөндөгөн.

  • Ишеним индекси жана төмөндөшү;
  • Облустук, райондук маанидеги шаарлар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — 47,8 ( -2,3) балл;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — 44,6 (-1,1);
  • Жергиликтүү мамлекеттик администрация — 44,2 (-47,6);
  • Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү — 47,2 (-3,5);
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — 40,4 (+0,1);
  • Экономика министрлиги — 15,1 (-5,5)
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду — 14,2 (-2,5)
  • Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматы — 13,3;
  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы — 10,3 (-1,3);
  • Мамлекеттик бажы кызматы — 3,6 (-1,5)
5
Белгилер:
Улуттук статистика комитети, ишеним, бийлик, кыргыз
Тема боюнча
Статком: Баткен, Жалал-Абад жана Нарындын эли жакыр жашайт
Кыргызстандын ИДПсы 598 млрд. сомду түзүп, экономика 9%га төмөндөдү