Ден соолукту тепкичтин жардамы менен текшерсе болот. Кантип?

© Sputnik / Табылды КадырбековГородской перинатальный центр в Бишкеке
Городской перинатальный центр в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер адам 60 тепкичти басып өтүү үчүн бир жарым мүнөт убакыт коротсо, анда дарыгерге барып жүрөгүн көрсөтүшү керек.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Европадагы кардиологдор коомунун илимий конгрессинде окумуштуулар ден соолукту тепкичтин жардамы менен текшерсе боло турганын айтышкан. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.

Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
Жашоону он жылга узарта турган 4 адат аталды
Окумуштуулар атайын изилдөө жүргүзгөн. Анда эгер адам 60 тепкичти бир мүнөттүн ичинде басып өтсө, бул анын жүрөгү жакшы экенинен кабар бере турганы аныкталган.

Кокус 60 тепкичтен чыгууга бир жарым мүнөт убакыт өткөрсө, анда дарыгерге көрүнүп, анын кеңешин алуу сунушталган.

Илимпоздордун изилдөөсүнө 165 адам катышкан. Жыйынтыгында 60 тепкичти 40-45 секундда басып өткөндөрдө 10 жыл аралыгында өлүм тобокелчилиги 10 пайызга азая турганы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0