Кечээтен бери 5 киши каза болду. COVID боюнча жаңы статистика

© AFP / CALLAGHAN O'HAREМедициналык кызматкерлер COVID-19дан каза болгон киши менен
Медициналык кызматкерлер COVID-19дан каза болгон киши менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктургандар мурдагыдай эле Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп. Бул жолу алардын катарын Ысык-Көл облусу дагы толуктады.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 318 кишиден коронавирус табылып, 248 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 126;
  • Ош – 4;
  • Чүй облусу – 79;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 12;
  • Ысык-Көл облусу – 46;
  • Жалал-Абад облусу – 25;
  • Баткен облусу – 16.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 96;
  • Ош шаары – 29;
  • Чүй облусу – 56;
  • Ош облусу – 24;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 18;
  • Баткен облусу – 15.

Ал эми өлгөндөр тууралуу айта турган болсок, Бишкек шаарында бир, Ош облусунда эки жана Баткен облусунда эки киши каза болду.

Медициналык кызматкер мүрзөдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19дун өлүм алып келүүнү арттырган фактору айтылды
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 77 647ге жетти. Анын ичинен 70 450сү айыкса, 1 312 бейтап көз жумган. 

Азыркы учурда стационарларда коронавирустан 2 087 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 553 кишинин абалы оор болсо, 91инин абалы өтө оор деп бааланууда.

Бир суткада беш медиктен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен тогуз медицина кызматкери чыгарылганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0