Ошто 1000 адамга той өткөргөн. УКМК ишкер Жалил Атамбаевди суракка чакырды

Жазылуу
Ишкердин уулу УКМКнын учурдагы кызматкери, ага карата кызматтык иликтөө башталып, жумуштан кетирүүгө чейинки жаза берилери айтылды.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ишкер Жалил Атамбаев уулун үйлөп, Ош шаарында 1000 адамга үлпөт той өткөрүшү боюнча УКМК териштире баштады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @bezpredelkg

Билдирмеге караганда, УКМКнын тапшырмасы менен тергөө органдары 12-декабрда өткөн той боюнча текшерүү баштады. Атайын кызмат Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүндө экенин белгилейт.

"Чектөөлөргө карабай ишкер Жалил Атамбаев 1000ге чукул адамдын катышуусунда дүңгүрөгөн той өткөргөн. Муну менен ал санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузуп, коомчулук арасында нааразычылык жаратты. Териштирүүнүн алкагында бул факты боюнча тактоо үчүн Жалил Атамбаев УКМКнын тергөө органына чакырылды. Ага карата аябай катуу чара колдонулат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Атамбаевдин уулу УКМКнын учурдагы кызматкери экени белгиленет. Ага карата кызматтык иликтөө башталып, жыйынтыгы менен жумуштан бошотууга чейинки жаза берилери айтылат.

Буга чейин социалдык тармакта Жалил Атамбаев той өткөрүп, Ош шаарынын мурунку жана азыркы мэри, Жогорку Кеңештин депутаттары жүргөн кадрлар тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0