Банк ачам деп 2,3 млн. сомго алдаган кыргызстандык Россиядан кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОглашение приговора по делу об убийстве журналиста И.Домникова
Оглашение приговора по делу об убийстве журналиста И.Домникова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Ош облусунун издөөдө жүргөн 53 жаштагы тургуну С.Ш. колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бир жаранды 2,35 миллион сомго алдап кетти деп шектелген адам Россиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, издөөдө жүргөн КР жараны, Ош облусунун 53 жаштагы тургуну С.Ш. колго түшүрүлгөн. 

© Фото / Пресс-служба МВД КР53 жаштагы тургуну С.Ш.
Банк ачам деп 2,3 млн. сомго алдаган кыргызстандык Россиядан кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
53 жаштагы тургуну С.Ш.
"Жогорудагы жаран 2015-жылы өзүнүн шериктери менен жабырлануучунун ишенимине кирип, банк ачуу шылтоосу менен акча алып, алдап качып кетишкен. Жыйынтыгында жабырлануучуга 2 миллион 350 миң сомдук материалдык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда издөөгө алган тарап, Кадамжай РИИБи шектүүнүн колго түшүрүлгөнү боюнча кабардар болду. Мыйзамга ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0