БШК: талапкерлер бир шарт менен кафелерде үгүт ишин өткөрсө болот

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква во время режима самоизоляции жителей
Москва во время режима самоизоляции жителей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо алдындагы үгүт ишине чогулган адамдардын саны чектелбейт, негизгиси 1,5 метрлик аралык сакталышы керек.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Президенттик шайлоого катышкан талапкерлер санитардык нормаларды сактоо менен кафелерде үгүт иштерин жүргүзсө болот. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Адилет Шаршенбек уулу коомдук диалог учурунда билдирди.

Жыйын учурунда президенттикке талапкерлердин биринин ишенимдүү өкүлү "учурда сыртта күн суук, кафелерге эл чакырып үгүт ишин жүргүзсө болобу?" деп сурады.

"Ооба, болот. Бирок кире беришке антисептик коюп, термометр менен келгендердин дене табын өлчөп, бир жарым метрлик аралыкты сактоо сыяктуу санитардык талаптар милдеттүү түрдө аткарылышы керек. Эгер бул эрежелер сакталбаса, БШКнын жумушчу тобу даттануулардын жана социалдык тармактарга чыккан далилдүү материалдардын негизинде чара көрөт", — деди Шаршенбек уулу.

Добуш берип жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоочулардын канча пайызы катышса референдум өттү деп саналат? БШКнын жообу
Андан соң талапкердин өкүлүнүн кафеге келген адамдардын саны тууралуу суроосуна киши санына чектөө коюлбай турганын айтып, негизгиси 1,5 метрлик аралык сакталышы керектигин айтып жооп берди.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Бул жарышка 18 талапкер аттанды.

Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0