Өлкөдө жумушка онлайн орноштурган жаңы кызмат ишке кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг "Глава ГСИН об амнистии, экстремистах в колониях и о ситуации с ОПГ"
Брифинг Глава ГСИН об амнистии, экстремистах в колониях и о ситуации с ОПГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми жарандар жумуш издеп жаткан адам катары каттоодон өтүү үчүн министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнө zanyatost.kg порталы аркылуу онлайн кайрылса болот.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жумушсуздарды ишке онлайн түрүндө орноштурган жаңы кызмат ишке кирди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова брифинг учурунда билдирди.

Колл-центрдин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иш берүүчү укугуңузду бузса, Мамэкотехинспекцияга кайрылыңыз. Байланыш номерлер
Анын айтымында, эми жарандар жумуш издөөчү катары каттоодон өтүү үчүн министрликтин аймактардагы бөлүмдөрүнө zanyatost.kg порталы аркылуу онлайн кайрылса болот.

Ошондой эле бул сайттын жардамы менен жарандар бош жумуш орундары менен тааныша алышат.

Аталган портал аркылуу жумуш берүүчүлөр дагы иш издеп жүргөндөрдү таба алышат. Алсак, сайтта жумуш издеп жүргөндөрдүн жашы, жынысы, кайсы жумушту жасай алары жана телефондору толугу менен көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0