Москвада уулун сабаган кыргызстандык ата эркинен ажыратылды

© AP Photo / Jessica HillСудья балканы кармап турат. Архив
Судья балканы кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталып жаткан жаран сотто күнөөсүн моюндап, судья менен уулунан кечирим сураган. Ал эки берене боюнча айыптуу деп табылган.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Москванын Кунцевский райондук соту өз уулун сабаган кыргызстандык Эмилбек Жунусовду 3,5 жылга жалпы режимдеги колонияга кести. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Апрель айында интернетке эркек киши кичинекей баланы уруп жаткан видео тарап, коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Кийин Ички иштер министрлиги ал жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну экенин аныктаган. Бул көрүнүш Москва шаарында 16-апрелде саат 11лер чамасында болгон. Аны телефонго аялы тартып алган да, алгач Ала-Букада жашаган атасына жөнөткөн. Ал киши туугандарына жиберип, андан кийин коомчулукка жайылып кеткен.

Sputnik Кыргызстан баласын урган киши менен байланышып, анын пикирин уккан. Ал журналистке окуя тууралуу өз чындыгын билдирип баласына жакшы тарбия берем деген максаты болгонун айтып берген.

"Жаран "Кыйноо" жана "Өспүрүмдү тарбиялоодо милдеттерин аткарбоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Кунцевский райондук сотунун чечими менен Эмилбек Жунусов 3,5 жылга эркинен ажыратылды", — деп айтылат маалыматта.

Жунусов сотто күнөөсүн моюндап, судья менен уулунан кечирим сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0