Москванын метросунда көз жарган келин менен ымыркайдын абалы айтылды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-декабрда көз жарган аял ымыркайынан баш тартты деген маалыматтар тарап кеткен. Жаш эненин туугандары бул маалыматты төгүндөдү.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва метросунда төрөгөн кыргызстандык келинден кабар алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

11-декабрда метродо көз жарганы, аны полиция кызматкерлери төрөтүп алышканы айтылган.

Акушер-гинеколог Эрбол Эсеналиев - Sputnik Кыргызстан
Динчилдер да аялдарынын төрөтүн мага табышташат. Акушер-гинеколог жигиттин баяны
Ошол эле күнү элчиликтин юристи Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин №29 клиникалык ооруканасына барган. Юрист эне-баланы караган дарыгерге жана оорукананын башкы дарыгеринин орун басарына жолуккан. Медицина кызматкерлери эне менен баланын абалы канааттандырарлык экенин билдиришкен. Төрөт экстремалдык шартта болгонуна карабастан ымыркайдын ден соолугуна зыян келтирилген эмес.

Көз жарган аялдын туугандары келин ымыркайынан баш тартты деген маалыматты төгүндөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0