Башкы прокуратура "мас" прокурор боюнча видеону териштирип жатат

Жазылуу
Башкы прокуратуранын жетекчилиги Өздүк коопсуздук кызматына териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. Анын жыйынтыгына жараша окуяга баа берилет.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура сот залында тартылып, соцтармакка тараган видео боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

12-декабрь күнү интернетке "Ошто мас абалындагы прокурор соттук ишке катышып, кийин терезелердин темир торун сындырып качып кетти" деген аталыштагы видео тараган. Анда бет кап тагынган кишиге аялдын кайрылып сүйлөп жатканы тартылган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аял төмөнкүлөрдү айткан: "Мас болуп туруп менин баламдын тагдырын чечкенге кантип дитиң барды? Сүйлөй албай турасың го, кагаздан дагы окуй албай жатасың! Мен тийиштүү органдарга кайрылам". Андан ары видеодон киши кайсы бир кабинетке кирип кеткенин жана терезенин темир тору ийилип калганын көрүүгө болот.

Башкы прокуратуранын жетекчилиги Өздүк коопсуздук кызматына териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. Анын жыйынтыгына жараша окуяга баа берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0