Ашкана күйгөн. Кара-Балтадагы үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРКара-Балта шаарында турак үйдөн чыккан өрт
Кара-Балта шаарында турак үйдөн чыккан өрт  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт ашканадан чыккан. Кечке маал башталган өрт саат 18:43тө чектөөгө алынып, 21:25те толугу менен өчүрүлдү.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кара-Балта шаарындагы базардын жанынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Ал жерде турак үй гана эмес, соода павильондору жана ашкана да күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин шаардагы Турар Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан үй күйүп жаткандыгы боюнча маалымат берилген.

"Такталган маалымат боюнча, ал жерде ашкана жана соода павильондору да өрттөнгөн. Кечке маал башталган өрт саат 18:43тө чектөөгө алынып, 21:25те толугу менен өчүрүлдү", — деп жазылат билдирмеде. 

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0