Ак-Жар конушунун дөңгөлөк өрттөп нааразы болгон тургундары тарады. Видео

Жазылуу
Жерине Аламүдүн райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Учурда аталган аймакта абал тынч экени айтылды.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Нааразычылык акциясына чыккан Бишкектин чет жакасындагы Ак-Жар жаңы конушунун жашоочулары тарап, айланма жол ачылды. Бул тууралуу Чүй ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, бүгүн, 15-декабрда, аталган аймактын жашоочулары Ак-Жарда тез-тезден электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы болуп митингге чыгышкан. Алар айланма жолду тосуп, дөңгөлөктөрдүн желимдерин да өрттөшкөн. 

Жерине Аламүдүн райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында чогулгандар тарап, айланма жол ачылган.

Учурда Аламүдүн районунун аймагында абал тынч экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0