Адис бөйрөктө ташты пайда кыла турган азыктарды атады

© Фото / PixabayЭт бышыруу. Архив
Эт бышыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаныбарлардын майы жана белок бөйрөктө көйгөйдүн пайда болуу тобокелдигин жогорулатса, шпинат сыяктуу жашылча-жемиштер таш пайда кылат.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринде бөйрөктө ташты пайда кыла турган азыктарды тизмектеп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Дарыгердин айтымында, жаныбарлардын майы жана белок көйгөйдүн пайда болуу тобокелдигин арттырат. Бирок башка азыктар бөйрөктө таштын пайда болушуна алып келет.

"Шпинат сыяктуу жашылча-жемиштер баарына пайдалуу, бирок алар канда оксалаттарды (туз жана эфир козу кулак кислоталары) көбөйтүп, таш пайда кылышы мүмкүн", – деген Мясников.

Дарыгер ченеми менен ичкен кызыл шараптан башка алкоголдук ичимдиктер бөйрөктө таштын пайда болушуна алып келиши мүмкүн экенин баса белгилеген.

Сбор черники в лесу в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Витаминдерге бай. Организмге пайдалуу деген 10 азык тизмектелди
Жалпы эрежелер жөнөкөй экендиги, мүмкүн болушунча суюктук ичүү жана таштын кандай экенине көңүл буруу зарылдыгы айтылган.

Адис тузду пайда кылган натрийден алысыраак болууну, белок менен майды азайтыш үчүн этти да тарта жегенге кеңеш берген.

Адис жашылча, мөмө-жемиштер, балык жана сүт азыктары бөйрөктө таштын пайда болуу коркунучун азайтууга жардам берерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0