Ооругандар азаюуда, бир киши көз жумду. Коронавирус боюнча соңку статистика

© REUTERS / STEPHANE MAHEМедициналык кызматкер ПЦР учурунда
Медициналык кызматкер ПЦР учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз жумган бейтап Ош облусунда дарыланып жаткан. Жалпысынан коронавирусту жеңе албай калгандардын саны 1 317 болду.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 241 киши жуктурду, ал эми 403 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 73;
  • Ош — 13;
  • Чүй облусу — 55;
  • Ош облусу — 22;
  • Талас облусу — 6;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 38;
  • Жалал-Абад облусу — 19;
  • Баткен облусу — 12.

Жалпысынан жугуштуу ооруга кабылгандардын саны 78 151ге жетти.

Соңку суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 119;
  • Ош шаары — 25;
  • Чүй облусу — 101;
  • Ош облусу — 28;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 8;
  • Ысык-Көл — 54;
  • Жалал-Абад облусу — 37;
  • Баткен облусу — 27.

Ушуну менен дартты жеңгендердин саны 71 270ке жетти.

Ал эми COVID-19 илдетинен бир бейтап каза тапкан. Ал Ош облусунда дарыланып жаткан. Жалпысынан коронавирусту жеңе албай калгандардын саны 1 317 болду.

Стационарда 1 845 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 21 адам абалы канааттандырарлык, 1 236сыныкы орточо, 496сы оор абалда, ал эми 92си өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 2 841 бейтап бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0