Чет элдик жасалма валюталары

УКМК: Бишкектин тургунунан ири суммадагы жасалма доллар табылды

653
(жаңыланган 10:35 16.12.2020)
Табылган чет элдик жасалма валюта жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалганы айтылды.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкекте ири суммадагы чет элдик жасалма валюта менен 51 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

  • Бишкекте ири суммадагы чет элдик жасалма валюта менен 51 жаштагы киши кармалды
    Бишкекте ири суммадагы чет элдик жасалма валюта менен 51 жаштагы киши кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Ага ылайык, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 14-декабрда колго түшүрүлгөн
    Ага ылайык, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү ("Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 14-декабрда колго түшүрүлгөн
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Анын жанынан ири суммадагы жасалма АКШ доллары табылган
    Анын жанынан ири суммадагы жасалма АКШ доллары табылган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Бишкекте ири суммадагы чет элдик жасалма валюта менен 51 жаштагы киши кармалды

Ага ылайык, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү ("Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 14-декабрда колго түшүрүлгөн. Анын жанынан ири суммадагы жасалма АКШ доллары табылган.

Табылган чет элдик жасалма валюта жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалганы айтылды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө жүрүп жатканы маалым болду.

653
Белгилер:
доллар, валюта, акча, кармоо, Бишкек, УКМК
Тема боюнча
Ысык-Көлдө жасалма доллар менен соода кылган киши кармалды. Сүрөт
Профилактика иштерин жасап жаткан сантехник. Архив

Бишкекте ысык суу өчкөндөн кийин кандай иштерди жасап алуу керек

7
(жаңыланган 12:01 14.05.2021)
Бишкекте 17-майдан баштап бир айга ысык суу өчүрүлөт. Буга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына көйгөйлөрдү алдын алуу иштерин жүргүзүп алуу сунушталды.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаада ысык суу өчкөн маалда бир нече профилактикалык иштерди жасап алуу керектигин "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы айтып берди.

Эске сала кетсек, Бишкекте 17-майдан баштап бир айга ысык суу өчүрүлөт. Бул убакыт аралыгында суу түтүктөрү пландуу оңдоодон өткөрүлүп, күз-кыш мезгилине даярдык көрүлөт.

Буга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына ар кандай көйгөйлөрдү алдын алуу иштерин жүргүзүп алуу сунушталды:

  • түтүк ылдый жактан келген көп кабаттуу үйлөр жогорку жактан аба чыгара турчу шаймандарды орнотуусу зарыл;
  • жылуулукту жакшы өткөрүү үчүн кирдеп толуп калган эски батареяларды жууп же алмаштыруу керек;
  • ошондой эле ысык менен муздак сууну аралаштырып берген крандарды оңдоп алуу туура;
  • ысык суу берилерде суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу зарыл;
  • айнектерди жана сырткы эшиктерди жылуулап алуу керек.

Суроолор боюнча "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын 1980, (0312) 611 169, 0557 611166, 0777611166 жана 0701 611166 номерине чалууга болот.

7
Белгилер:
ысык суу, ишкана, Бишкек жылуулук тармагы, Бишкек
Тема боюнча
Ошто таза суу көйгөйүн чечүү үчүн жаңы долбоор каралууда
Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү белгилүү болду
Нарын облусу. Архив

Нарындын айылдарында жана Кытай менен чектешкен аймакта жер титиреди

18
(жаңыланган 10:56 14.05.2021)
Алдын ала берилген маалыматтарда жердин термелешинен айылдарда жабыркагандар жана кыйроолор катталген эмес.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кечээ, 13-майда, Кыргызстан менен Кытай чектешкен жерде күчү очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, Нарын облусунун бир нече айылында сезилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жер титирөө саат 14:37де Нарын облусунун Ат-Башы районунда 4 балл, Торугарт айылында 3 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала маалыматтарга таянып, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.

18
Белгилер:
жер титирөө, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда катуу жер титирөө болобу? Адистин жообу