ИИБ: Балыкчыда 10 каржы пирамидасы иштеп, 162 млн. зыян келтирген

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаардык милициясынын атайын тобу териштирүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында каржы пирамидасын уюштурган 10 топту табышкан.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Балыкчы шаарында каржы пирамидасы боюнча алдамчылык кылган сотко чейинки 1 337 иш аяктап, соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ушул жылдын 8-августунан 1-декабрына чейин Балыкчы ШИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каржы пирамидасы боюнча алдамчылык кылган 2 159 факты катталган.

Офистеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тармактык маркетингге ишенсе болобу? Оңой акча табуунун пайда-зыяны
Бул иштер боюнча Балыкчы шаардык милициясынын атайын тобу териштирүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында каржы пирамидасын уюштурган 10 топту тапкан. Ошондой эле кылмыштын бул түрүн уюштурган делип 19 адам кармалган. Келтирилген зыяндын жалпы баасы 162 миллион 534 миӊ 620 сомду түзгөнү маалым болду.

Алдамчылыктын 1 337 фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап, соттун кароосуна жиберилди. Ал эми 30 факты боюнча материалдык зыяндын орду толтурулгандыгына байланыштуу кыскарган. Калган 1 327 арыз бир өндүрүшкө бириктирилген.

"Пирамиданын алгачкы катышуучуларына кийинки катышуучулардын акчаларынан киреше кылып төлөп берип, калган каражатты өздөрүнө калтырып жүргөн "Ак-Куу" каржы пирамидасына карата сотко чейинки өндүрүш иши аяктады. Бул каржы пирамидасы боюнча тергөөдөн 28 жаштан 55 жашка чейинки Балыкчы шаарынын беш тургуну өтүүдө. Алар 30 миллион сомдун тегерегинде зыян келтирген", — деп жазылат билдирмеде. 

"Ак-Тилек" деп аталган каржы пирамидасынын К.И. аттуу башчысына карата да өндүрүш иши аяктап, сотко жөнөтүлдү. Ал 84 аманатчыны жалпы суммасы 25 миллион сомдон ашык зыянга учуратканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0