Вице-премьер Кыргызстанда жарык өчүшү ыктымал экенин эскертти

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын орун басары күн сайын калк колдонгон киловатт-сааттын көлөмү өсүп жатканын айтып берди.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Вице-премьер Равшан Сабиров парламентте сүйлөп жатып Кыргызстанда жарык өчүп турушу ыктымалдыгын айтты.

Анын билдиргенине караганда, бул маал-маалы менен өчүрүүгө кирбейт. Болгону автоматтык подстанцияларга күч келгендиктен жарык өчүп калышы мүмкүн.

"Бүгүнкү күндө электр энергиясын колдонгондордун саны өсүп жаткандыктан подстанцияларга күч келип жатат. Кечээ кечинде көрсөткүч 67 миллион киловатт-саатка жетсе, күндүз — 70 миллион киловатт-саатты түзгөн. Керектөө суткасына 7-10 миллион киловатт-саатка өсүп жатат. Бул маал-маалы менен эмес, автоматтык өчүрүүлөр", — деди Сабиров.

Вице-премьер Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард куб метр экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0