Бүгүн Бишкектин эки жеринде жарманке өтүп, азык-түлүк арзан баада сатылат

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүЖашылча жемиштер. Архив
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарманкеге келген шаар тургундары малдын жана тооктун эттери, жумуртка, кумшекерди арзан сатып ала алат.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын эки жеринде азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Жарманкенин бири Горький жана 7-апрель көчөсүнүн кесилишиндеги "Фрунзе" гипермаркетинин, экинчиси 7-кичи райондогу "Глобус" маркетинин аймагында болот.

Анда төмөнкү азык-түлүктөр сатылат:

Баасы 1 килограмм менен эсептелет.

  • Эт 390 сом;
  • Тоок эти 135:
  • Тооктун сан эти 100;
  • Тооктун буту 146;
  • Тооктун канаты 190;
  • Жумуртка 87 жана 85;
  • Кумшекер 46.

Жарманке саат 11:00дө башталат. Кененирээк маалымат алуу үчүн 0550 700 053, 0552 886 612 номерлерине кайрылуу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0