Кыргызстанда Өзбекстандан айыл чарба азыктарын ташыгандардын базасы түзүлөт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКапка салынган картошка жана пияз. Архив
Капка салынган картошка жана пияз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизме төрт багыт боюнча түзүлмөкчү. Токтогазиев кызыкдар болгон тараптарды ташып келүү жана сатуу шарттары боюнча маалыматтар менен бөлүшүүнү суранды.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. КРдин Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги Өзбекстандан айыл чарба азыктарын алып келгендер боюнча маалыматтарды бир жерге топтоп, тизмесин түзүп жатат. Бул туурасында министр Тилек Токтогазиев билдирди.

Маалыматтар топтомунда төмөнкү багыттар камтылган:

  • сүт жана сүт азыктары;
  • эт жана эт азыктары;
  • картошка;
  • акшак.

Токтогазиев кызыкдар болгон тараптарды ташып келүү жана сатуу шарттары боюнча маалыматтарын minselhozgovkg@gmail электрондук дарегине калтырууну суранды. Акыркы мөөнөт 18-декабрь экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0