COVID бейтапты дүлөй кылабы? Окумуштуулардын иликтөөсү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктурган адамдар угуу жөндөмдүүлүгүн жоготот деген маалыматтын чын-бышыгын аныктоо үчүн адистер эки этаптуу изилдөө жүргүзгөн.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Коронавирус инфекциясы дүлөйлүккө чейин жеткириши мүмкүн эмес. Бул тууралуу "Известия" Тель-Авив университетинин окумуштууларынын изилдөөсүнө таянуу менен жазды.

Биологиялык коркунучтун белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирусту эки мүнөттө жок кылуунун жолу табылды
Коронавирустун биринчи толкуну учурунда Израилдеги адистер ооруну симптомсуз өткөргөн бейтаптын маалыматтарын анализдешкен. Экспериментке соо адамдардын да тобу катышкан.

Натыйжада биринчи анализ инфекция бейтаптарда кулактын угушун начарлатпай турганын көрсөткөн. Андан кийин изилдөөчүлөр катышуучулардын санын көбөйтүп, экспертти кайталап көргөндө да ошондой эле жыйынтык чыккан.

Изилдөөнүн авторлору түшүндүргөндөй, коронавирусту жуктурган бейтаптардын угуу жөндөмүн жоготушу убактылуу симптом, мындай көрүнүш бардыгында эле кездеше бербейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0