Галкинди таңданткан Барсбектин апасы: уулум Бишкекке бийик үйлөрдү курсам дейт

© Фото / Владимир Яковлев"Лучше всех" шоусунун катышуучусу жети жаштагы Барсбек Аджибаев
Лучше всех шоусунун катышуучусу жети жаштагы Барсбек Аджибаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-декабрда Биринчи каналдын "Лучше всех" шоусуна катышкан жети жаштагы Барсбек Аджибаевдин ата-энеси кыргызстандык.

Баланын курулуш тармагына кызыгары үч жашында байкалган. Көк тиреген көп кабаттуу үйлөрдү курууну кыялданган мекендешибиздин бир катар долбоорлору бар. Ал беш жашынан бери курулуш китептерин окуйт.

Жеткинчек Москва облусундагы Химки шаарында жашайт. Ал эми туугандары Кыргызстанда. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Барсбектин апасы Кундуз Дүйшеева менен баарлашкан.

Телефон аркылуу маектешүүдө таланттуу баланын апасы абдан токтоо адам экендиги байкалды. Ал уулунун ийгилигин сыймыктануу менен айтып берди.

© Фото / Владимир ЯковлевБарсбектин апасы Кундуз Дүйшеева: Барсбек ким менен болсо сүйлөшүп, тил табышып кете берген бала. "Лучше всех" программасын көрчү деле эмеспиз. Мугалимдери, дүкөндөгүлөр, кошуналар, "ушул программага эмнеге билдирүү таштабайсыңар, балаңар башкача бала" деп кечке айта беришчү. Ошентип пандемияда шоуга катышуу ниетибизди билдирдик.
Галкинди таңданткан Барсбектин апасы: уулум Бишкекке бийик үйлөрдү курсам дейт - Sputnik Кыргызстан
Барсбектин апасы Кундуз Дүйшеева: Барсбек ким менен болсо сүйлөшүп, тил табышып кете берген бала. "Лучше всех" программасын көрчү деле эмеспиз. Мугалимдери, дүкөндөгүлөр, кошуналар, "ушул программага эмнеге билдирүү таштабайсыңар, балаңар башкача бала" деп кечке айта беришчү. Ошентип пандемияда шоуга катышуу ниетибизди билдирдик.

— Барсбектин "Лучше всех" шоусуна катышканын баарыбыз көрдүк. Курулуш тармагын абдан жакшы билет экен. Балаңыз тууралуу айтып бериңизчи?

— Биз азыр Москва облусунун Химки шаарында турабыз. Барсбек Москвада төрөлгөн. Учурда 1-класста окуйт. Уулубуз үч жашынан баштап эле сүрөт тартууга кызыга баштаган. Жалаң эле кабат үйлөр, курулуштарды чиймелей берчү. Ошол курактан баштап 6-7 жаштагы балдарга ылайык лего, кубиктерди инструкциясы жок эле өз алдынча тизип баштагандыктан курулушка кызыгарын билдик. Эч кандай курска да берген эмеспиз. Атасы кесиби боюнча инженер-куруучу. Ал деле отуруп алып атайын жардам кылып, жол көрсөткөн жок. Себеби эртеден-кечке жумушта. Кийин бакчадан тарбиячылар баланын жакшы сүрөт тартарын байкап, көп айтышты. Ал жерден да сынактарга катышып талантын көрсөтүп жүрдү.

Негизинен Барсбек сүрөт тартуу, архитектура жагы эле эмес, ким менен болсо сүйлөшүп, тил табышып кете берген бала. "Лучше всех" программасын өзүбүз деле көп көрчү эмеспиз. Бирок мугалимдери, дүкөндөгү сатуучулар, кошуналар, тааныштардан бери эле "ушул программага эмнеге билдирүү таштабайсыңар, балаңар аябай башкача бала" деп кечке айта беришчү. Ошентип пандемияда шоуга катышууга ниетибизди билдирдик.

— Тандоо туру кандай өттү?

— Билдирүү таштаганда эле Биринчи каналдан дароо редакторлор чалып, эртеси эле кастингге чакырышты. Аябай деле даярданган жокпуз. Балабыз беш жашында атасы ага Ipad алып берген. Ал Ipad менен бир гана өзүнүн долбоорлорун чиет. Ошонун баарын Галкиндин программасына жөнөттүк. Алардын арасынан жаккан архитектураларды тандап алышып, анан берүүгө алып чыгышты.

© Фото / из семейного архива АджибаевыхҮй-бүлө Москва облусунун Химки шаарында жашайт. Барсбек ошол жактан төрөлгөн. Байтик аттуу иниси бар. Атасы жергиликтүү курулуш компаниясында инженер. Апасы балдарды карап үйдө.
Галкинди таңданткан Барсбектин апасы: уулум Бишкекке бийик үйлөрдү курсам дейт - Sputnik Кыргызстан
Үй-бүлө Москва облусунун Химки шаарында жашайт. Барсбек ошол жактан төрөлгөн. Байтик аттуу иниси бар. Атасы жергиликтүү курулуш компаниясында инженер. Апасы балдарды карап үйдө.

— Берүүнүн акырында Барсбек Ысык-Көлгө салам жолдободубу. Өзүңөр Ысык-Көлдөн болосуңарбы?

— Жолдошум Тажикистандын Исфара шаарында төрөлгөн. Кайын журтум учурда Бишкекте турушат. Мен өзүм Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунан болом. Турмушка чыккандан бери Химки шаарында жашайбыз. Бул жакта үй-жайыбыз бар. Россиянын жарандыгын алганбыз. Атасы көп жылдан бери бир курулуш компаниясында инженер болуп иштейт. Мен балдар менен үйдөмүн. Москвага келе электе Караколдо тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенчүмүн. Балам шоунун жүрүшүндө Ысык-Көлдөгү тайларына өжөрлөнүп жатып салам жолдоду.

© Фото / из семейного архива АджибаевыхКундуз Дүйшеева: Эс алууга чыккан сайын Кыргызстанга каттап, бир жылда эки жолу барабыз. Барсбек мекенибизди абдан жакшы көрөт.
Галкинди таңданткан Барсбектин апасы: уулум Бишкекке бийик үйлөрдү курсам дейт - Sputnik Кыргызстан
Кундуз Дүйшеева: Эс алууга чыккан сайын Кыргызстанга каттап, бир жылда эки жолу барабыз. Барсбек мекенибизди абдан жакшы көрөт.

— Балдарыңыздардын аттарын нукура кыргызча коюптурсуздар?

— Барсбектин атын кыргыздардын Енисейдеги башкаруучусу Барсбек кагандын атынан атасы койгон. Экинчи уулубузга атактуу Байтик баатырдын атын ыйгардык. Байтик азыр үчтө. Эки балабыз бар. "Лучше всех" шоусуна чыгып жатканда Кыргызстандын атынан чыгууну сурандык. Бирок Барсбек жана ата-энеси Россиянын жараны болгондуктан эреже боюнча башка өлкөнүн атын жазууга болбойт экен.

— Кыргызстанга да келип турасыздарбы?

Кыргызстандык окуучу Нурболот Исматиллаев - Sputnik Кыргызстан
Көзүмө жаш келди. Россияда сынакта элди сыймыктанткан Нурболоттун апасы менен маек
— Ооба, эс алууга чыккан сайын Кыргызстанга каттап, бир жылда эки жолу барабыз. Барсбек мекенибизди абдан жакшы көрөт. Бишкекке барганда көп кабаттуу үйлөрдү карап алып атасына ар кандай суроолорду берет. Анын үстүнө курулуш материалдарын абдан жакшы билет эмеспи. Ал кадимки панелдик үйлөрдү көрүп "ата, эмнеге бул жакта бийик-бийик үйлөр салынбайт? Себеби эмнеде?" деп сурайт. Атасы уулуна "бул жактын шагылы башкача жана жер кыртышы таштак келет" деп түшүндүрүп берет. Москвада жүргөндө да үйдө отуруп алып "кийин Бишкекке башка жерде жок бийик-бийик үйлөрдү курам. Азыр технология өнүккөн, курулуш шаймандары да заманбап чыгууда. Жер кыртышы таштак болсо деле жолун табууга болот. Асман мелжиген имараттарды курам" деп кыялданат. "Кийин Бишкектин архитектурасына өзгөртүү киргизем" дейт бала болсо да. "Кыргызстанга качан барабыз?  деп сурай берет. Жакшы көрөт. Ысык-Көлгө баргысы келет. Азырынча ошентип архитектор болом деп жүрөт. Атасы да аман-эсен чоңойсо, буюрса, архитектура жаатында билим аларын айтат.

© Фото / Владимир ЯковлевБарсбектин апасы: Барсбек ошол үч күн бою Максим Галкиндин жанында жүрүп, жакшы таанышып калдык. Азыркыга чейин жазышып турабыз. Барсбек тууралуу жакшы ойдо калыптыр. Тартуу иштеринин жүрүшүндө көптөгөн тааныш таптык. Чыгармачыл топ "уулуңар өзгөчө бала экен" деп жатышты.
Галкинди таңданткан Барсбектин апасы: уулум Бишкекке бийик үйлөрдү курсам дейт - Sputnik Кыргызстан
Барсбектин апасы: Барсбек ошол үч күн бою Максим Галкиндин жанында жүрүп, жакшы таанышып калдык. Азыркыга чейин жазышып турабыз. Барсбек тууралуу жакшы ойдо калыптыр. Тартуу иштеринин жүрүшүндө көптөгөн тааныш таптык. Чыгармачыл топ "уулуңар өзгөчө бала экен" деп жатышты.

— Берүүнүн жүрүшүндө Максим Галкин Барсбектин таланты менен кошо тапандыгына да таң берди көрүнөт?

— Ооба, туура байкапсыздар (күлүп). Барсбек өзү кыргызча да жакшы билет. Сүйлөгөндө сөзү сөксөөл, абдан тапан бала. Менин өзүмдүн атам ошондой оозунда кеби бар киши. Ал жагынан таятасын тарткан. Берүүгө тартылып жатканда да отуз баланын ичинен бир кыргыз болду. "Лучше всех" шоусунда 200дөй киши иштейт экен. Бир эле баланы тартуу үчүн көп нерсе керектелерин көрдүк. Башка балдарды бир күндөн эле тартып кетирди. Бирок Барсбек менен төрт күн алектеништи. Себеби асман мелжиген имараттын 3D жасалгасы үч күндө жасалып даяр болот экен. Тартылуу иши август айында өтүп, "Мосфильмде" үч күн жүрдүк. Кийип чыккан кийимдеринен бери өздөрү даярдап, атайын костюмерлер да иштешти. Барсбек ошол үч күн бою Максим Галкиндин жанында жүрүп, жакшы таанышып калдык. Барсбек тууралуу жакшы ойдо калыптыр. Тартуу иштеринин жүрүшүндө көптөгөн тааныш таптык. Чыгармачыл топ "уулуңар өзгөчө бала экен" деп жатышты. Алгач бизди якуттар дешиптир. Андан кийин казактар го деп боолголошкон экен. Кийин келип сурашканда кыргыз экенибизди айттык.

— Эфир учурунда кандай сезимде болдуңуз?

— Албетте, толкундандык. Балабызды көрүп сүйүндүк. Буюрса, аманчылык болсо бул жактан каалаган жогорку окуу жайында окуп, бир кесипке ээ болгон соң өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө салымын кошкон инсандардан болсо экен деп тилеп жатабыз. Ошентип ниеттенебиз. Себеби жашоо-турмуштун айынан баарыбыз эле туш тарапка чыгып кетүүгө мажбур болдук. Азыр да үйдө "Лучше всех" берүүсүн көрүп, сүйүнүп отурабыз. Кыргызстанды, мекенибизди өнүктүргөн мыкты инсандардын бири болсун деп тиледик. Эфирдин жүрүшүндө биз да сүйлөгөнбүз. Барсбек диванда отурганда Максимге курулуш боюнча көп маалыматтарды айтып берген. Бирок убакыт чектелүү болгонуна байланыштуу ал жагын алып коюшуптур.

© Фото / из семейного архива АджибаевыхКундуз Дүйшеева: Барсбек өзү кыргызча да жакшы билет. Сүйлөгөндө сөзү сөксөөл, абдан тапан бала. Менин өзүмдүн атам ошондой оозунда кеби бар киши. Ал жагынан таятасын тарткан.
Галкинди таңданткан Барсбектин апасы: уулум Бишкекке бийик үйлөрдү курсам дейт - Sputnik Кыргызстан
Кундуз Дүйшеева: Барсбек өзү кыргызча да жакшы билет. Сүйлөгөндө сөзү сөксөөл, абдан тапан бала. Менин өзүмдүн атам ошондой оозунда кеби бар киши. Ал жагынан таятасын тарткан.

— Барсбек курулуш тууралуу маалыматты кайдан алат?

— Балам беш жашынан бери эле китеп окуйт. Үйдө курулуш тууралуу китептер толтура. Сабактан келери менен китеп окуйт, интернеттен маалыматтарды алат. Көп кабаттуу үйлөрдүн долбоорлорун чиет. Өзүнүн YouTube каналы бар. Курулуш тууралуу билгендерин китеп кылып жазса да болот. Сааттап сүйлөп берет.

— Кыргызстандыктар да абдан кубануу менен кабыл алып, кубаттап жатышат...

— Ооба, элибизге рахмат! Эли-журтубуздун биз менен кошо кубанып, ак бата берип жатканына сүйүндүк. Ыраазыбыз. Кыргызстандын атынан чыга албай калганыбызга бир аз капа болдук. Ошентсе да Химки шаарынын мэриясы, эли да бизден кабар алып, жакшы сөздөрдү айтып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0