Аты-жөнүн шашылыш өзгөрткүсү келгендер үчүн төлөнчү акы аныкталды

© SputnikeID и загранпаспорт гражданина Кыргызстана
eID и загранпаспорт гражданина Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызмат баасы 585 сом туруп, арыз түшкөндөн кийин 1-3 күнгө созулат. Ал эми акысыз кызматты колдоном десеңиз, аты-жөнүңүздү 10 күндүн ичинде өзгөртө аласыз.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти документтен фамилияны, атты жана атасынын атын шашылыш түрдө өзгөртүү боюнча акы төлөөчү кызматтын баасын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Ушул эле сумманын ичине документтеги өзгөртүүлөрдү жарандык абалдын актылары боюнча китепке киргизүү кызматы дагы кирет.

Кызмат баасы 585 сом туруп, арыз түшкөндөн кийин 1-3 күнгө созулат. Ал эми акысыз кызматты колдоном десеңиз, аты-жөнүңүздү 10 күндүн ичинде өзгөртө аласыз.

"Аталган кызматтын ишке киришине жарандардын сунушу себеп болду. Бул нерсе шашылыш түрдө жаңы документ алуудагы коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Мамкаттоо кызматы буга чейин кыргызстандыктардын паспортуна (ID-карта) "улуту" деген графаны кайрадан киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0