Пандемиядагы жардамыңарды унутпайбыз. Мамытов чет жакта жүргөндөрдү куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов. Архив
Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамытов пандемия Кыргызстанда да күчөп, адамдар боо түшүп каза таап жатканда жардам бергени үчүн өлкөнүн аймагынан сырт жакта иштеп жүргөн мекендештерге ыраазылык билдирген.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Чет элде жүргөн кыргызстандык мигранттар, пандемия учурунда сиздер мекенчилдик жана ынтымактуулук эмне экенин көрсөттүңүздөр. Берген жардамыңыздар үчүн жалпы Кыргызстан элинин атынан чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Бул куттуктоону президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов мигранттар күнүнө карата айткан.

Президенттин маалымат кызматы Мамытовдун куттуктоосун таратты.

Мамытов коронавирус пандемиясы Кыргызстанда күчөп, адамдар боо түшүп каза таап жатканда жардам бергени үчүн өлкөнүн аймагынан сырт жакта иштеп жүргөн мекендештерге ыраазычылык билдирген.

"Сиздер мекенчилдикти жана ынтымакты көрсөттүңүздөр. Жан аябаган эмгегиңиздер абдан жогорку баага татыктуу. Берген жардамыңыздар үчүн жалпы Кыргызстан элинин атынан чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!" — деген Мамытов.

Чет мамлекетте иштеп жүрөн медицина кызматкерлери волонтер болуп мекенибизге келип элибизге билимин жумшап, мээримин төгүп, кам көрүп, жардамын бергендигин дагы бир ирет эске салган.

Очереди мигрантов в УФМС - Sputnik Кыргызстан
Россияда мигранттардын саны дээрлик эки эсеге кыскарды
"Өлкөбүз үчүн ушул татаал жылы коронавирус пандемиясы убагында ортодогу узак аралыкка карабай кыргызстандыктар сиздерден колдоо тапты. Сиздердин күч-аракетиңиздер менен КРге гуманитардык, материалдык жардамдар, медициналык жабдуулар, зарыл медикаменттер жөнөтүлдү. Жалпы элибиз туш болгон кыйынчылыкка кайдыгер карабай, ондогон медицина кызматкерлери волонтер болуп мекенибизге келип элибизге билимин жумшап, мээримин төгүп, кам көрүп жардамын берди", — деп айтылат куттуктоодо.

Диаспоралар чет өлкөдө жумушу жана турак жайы жок калган мекендештерибизге кол кабыш кылгандыгын да белгилей кеткен.

Ал "эмгекчи мигранттардын проблемалары, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер, диаспоралар менен өз ара кызматташуу маселелери өлкөнүн жетекчилигинин саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон кала берерине" ишендирип кеткен.

"Биздин алдыбызда Кыргызстанга кайтууну, бизнесин ачып, туулуп-өскөн жеринде жашоону жана иштөөнү каалагандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү милдети турат. Ошол эле учурда эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо жана коопсуз миграция чараларын иштеп чыгуу боюнча иштер улантылат. Биргелешкен гуманитардык, экономикалык, социалдык, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында чет өлкөдөгү мекендештер менен тыгыз кызматташууну колдоого багытталган чечимдер кабыл алынат", — деген ал.

Мамытов мигранттарга жана алардын жакындарына бекем ден соолук, бейпил турмуш, бакыт-таалай жана иштерине ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0