Милиция 560 миң сом айып пул төлөбөй жүргөн унаанын ээсин кармады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека"Коопсуз шаардан" келген жарым миллион сомдук айып пулду төлөбөй жүргөн айдоочу
Коопсуз шаардан келген жарым миллион сомдук айып пулду төлөбөй жүргөн айдоочу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Данияр Абжапаров аттуу жаранга сегиз жыл мурда саткан автоунаасына 560 миң сомдук 230 айып кагазы келген.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү "Коопсуз шаардан" келген жарым миллион сомдук айып пулду төлөбөй жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Sputnik Кыргызстан буга чейин Данияр Абжапаров аттуу жаранга сегиз жыл мурда саткан автоунаасына 560 миң сомдук 230 айып кагазы келгендиги тууралуу материал даярдаган.

Ал Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унааны 2012-жылы келишим каттын негизинде 2900 долларга сатканын айткан. "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенде анын дарегине айып кагазы келе баштаган. Абжапаров машинанын жаңы ээсин табуу үчүн ошондо эле укук коргоо органдарына кайрылып, бирок майнап чыкпаганын билдирген.

"Бул кайрылуу чыгары менен атайын издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Кант шаарынан аталган автоунааны айдап жүргөн 26 жаштагы С.С. аттуу жаран милиция бөлүмүнө алып келинди. Тактоо учурунда ал 2017-жылы башка жарандан сатып алып, өзүнө каттоо максатында автоунаанын мыйзамдуу ээсин таап, өткөрүп алууга аракет кылганын түшүндүрдү. Ошондой эле айдоочу жакында эле машинаны бузуп, унаа тетиги катарында сатып жибергенин айтты", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган айдоочу бардык жасаган эреже бузууларын мойнуна алганы белгиленет.

Милициянын кайгуул кызматы эки тарапты жолуктуруп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Кармалган айдоочу автоунааны жакын арада эле сатып жибергендиктен айып короого киргизүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Мындан аркы иштер сот аркылуу чечиле турганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0