Ошто жасалма акча менен дары сатып алып жүргөн өспүрүм кармалды

Жазылуу
Кармалган бала жашы жете элек болгонуна байланыштуу үй камагына калтырылды. Ал жасалма акчаларды кантип пайдаланып жүргөнүн суракта айтып берген.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Ош шаарында жасалма 2000 сомдук купюраларды дарыканаларга өткөрүп жүргөн өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда, Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Ош ШИИБге 22 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал 9-декабрь күнү түнкү саат 01:40тар чамаларында дарыканалардын биринде соода кылып жаткан учурда 20-25 чамасындагы жигит кирип, эки даана жасалма 2000 сомго соода кылып кеткендигин билдирген. Ушундай эле арыз менен Ош шаарынын 9 тургуну кайрылган.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 225-беренеси ("Акчаны же баалуу кагазды жасалмалоо") менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө 16-декабрь күнү Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары Чүй облусунун 16 жаштагы С.Б. аттуу тургуну кармалган. Ал алгачкы суракта Ош шаарына досу менен косметика каражаттарын сатуу үчүн келгенин, жасалма акчаны кантип пайдаланганын айтып берген.

"Жанымда сувенир катары колдонулчу 2000 сомго дары алып, акчанын калганына оригинал сом алгам. Андан кийин досума айтып, Бишкектеги сувенир саткан дүкөндөн сувенир катары колдонулуучу бир пачка ушундай купюрадагы акчаны салдырып, Ош шаарындагы дарыканаларга өткөрүп жүрдүм", — деп көрсөтмө берген.

Кармалган бала жашы жете элек болгонуна байланыштуу үй камагына калтырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0