Канайымдыкка талапкерлер. Ажо болом дегендердин артында кандай аял турат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖыйналыштагы айымдар. Архив
Жыйналыштагы айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттин тагдырын колго алгысы келгендердин айрымдары жубайы, үй-бүлөсү тууралуу кубануу менен айтып берсе, башкалары жеке турмушу боюнча элге маалымат берүүдөн баш тартты. 

Биринчи айым — күйөөсү өлкө башында турган кезде мамлекеттик чоң кызматты аркалабайт. Болгону коомдук фонддорду жетектейт, кайрымдуулук иштерине катышат, билим берүү жаатында эмгектенет же кайсы бир азчылыктын укугун коргойт.

Айрымдары такыр эле элдин көзүнөн оолак жүрөт. Бирок кандай болгон күндө дагы коомчулук президенттин артында турган аялзатына ар дайым кызыгат. Ким экенин билгиси келет.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан мамлекеттин башчысы болом дегендердин өмүрлүк жарлары кимдер экенин билип көрдү. Кызыгы, айрым талапкерлер шайлоочуларына үй-бүлөсү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты. 

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаровдун жубайы — Агилаш Мадумарова. Кесиби боюнча экономист. Үч уулдун энеси.

Арстанбек Абдылдаев

Арстанбек Абдылдаевдин жубайы Салиман 48 жашта. Кесиби медик, бирок учурда үй кожойкеси. Түгөйлөр 30 жылдан бери бирге жашап, төрт баланы тарбиялашкан.

Канат Исаев

© Фото / из личного архива Каната ИсаеваКанат Исаевдин жубайы Жамиля Исаева
Канайымдыкка талапкерлер. Ажо болом дегендердин артында кандай аял турат - Sputnik Кыргызстан
Канат Исаевдин жубайы Жамиля Исаева

Жамиля Исаева 43 жашта, беш баланын энеси. Экономикалык жана юридикалык жогорку билими бар. 14 жыл банк системасында эмгектенген. 2013-жылдан бери КР өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борборунда эмгектенет. Учурда директордун орун басары.

Рашид Тагаев

Талапкердин азыркы жубайы Чолпон Аманкулова 38 жашта. Кесиби медик, бирок учурда жеке ишкерлик менен алектенет. Ошондой эле көпчүлүк убактысын үй-бүлөсүнө арнайт. Тагаевдин биринчи жубайы 10 жыл мурда көз жумган.

Жеңишбек Байгуттиев

Талапкердин шайлоо штабынан анын жубайы тууралуу маалымат ала алган жокпуз.

Клара Сооронкулова

Клара Сооронкулованын шайлоо штабынан жолдошу тууралуу маалымат берилбей турганын айтышты. Анткен менен талапкердин төрт баласы бар экени белгилүү. Эки кызы турмушта, бала-чакалуу.

Аймен Касенов

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Аймен Касенов (@aymenkasenov)

Аймен Касенов жубайы Айжамал менен төрт баланы тарбиялоодо. Айжамал айым Кыргыз улуттук университетин "юрист" адистиги боюнча аяктаган. Мурда Тышкы иштер министрлигинде эмгектенген. Учурда көпчүлүк убактысын үй-бүлөсүнө арнайт. Ошондой эле сүрөт тартуу менен алектенет.

Мыктыбек Арстанбек

Тележурналист Мыктыбек Арстанбек "жубайым тууралуу тема жабык" деп маалымат берүүдөн баш тартты.

Бактыбек Калмаматов

Бактыбек Калмаматов дагы жубайы тууралуу коомчулукка ачыктагысы келбегендердин катарын толуктайт. 

Имамидин Ташов

Ишкер беш баланын атасы экени белгилүү. Ал эми жубайы тууралуу маалымат беришкен жок.

Курсан Асанов

Ички иштер министринин мурдагы орун басарынын жубайы Кульнара Үсөнканова 51 жашта. Кесиби боюнча экономист. Учурда жеке ишкер.

Каныбек Иманалиев

Каныбек Иманалиевдин жубайы Шаткүл Кулматова дагы быйыл 51 жашка чыкты. Бишкектеги университеттердин биринде эмгектенет. Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент.

Равшан Жээнбеков

Салкынай Алимбаева менен Равшан Жээнбеков 1989-жылдан бери түтүн булатып келе жатат. Алимбаева Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетти аяктаган. Жубайлар төрт баланын ата-энеси.

Элдар Абакиров

Элдар Абакиров 2004-жылы Казакстанда билим алып жүргөн кезде казак кызы Шарбат Бегмаганбетовага баш кошкон. Азыр алардын төрт баласы бар. Бегмаганбетова кесиби боюнча мугалим.

Улукбек Кочкоров

© Фото / из личного архива Улукбека КочкороваУлукбек Кочкоров жубайы Шайыргүл Латипова жана балдары менен
Канайымдыкка талапкерлер. Ажо болом дегендердин артында кандай аял турат - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Кочкоров жубайы Шайыргүл Латипова жана балдары менен

Кочкоровдун жубайы Шайыргүл Латипова Улуттук госпиталдын невропатолог дарыгери. Быйыл 39 жашка чыкты, жети баланын энеси.

Бабыржан Тольбаев

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Тольбаевдин жубайы Венера Ким. Борбор Азиядагы Америка университетинде билим алган. "Мол Булак Финанс" ЖЧКсында иштеген.

Абдил Сегизбаев

УКМКнын мурдагы жетекчисинин колуктусу Айнура Эмилбекова 38 жашта. Алгач Жусуп Баласагын атындагы КУУда экономика жана башкаруу жааты боюнча билим алган. Кийин ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академияда "эл аралык журналистика" адистиги боюнча окуган. Эмгек жолун жергиликтүү телеканалдардын биринде кабарчы катары баштаган. Учурда Дүйнөлүк банктын айыл инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорунда маалымат таратуу боюнча адис.

Садыр Жапаров

Айгүл Асанбаева 47 жашта, жолдошу экөө коңшу айылдардан болгондуктан, студенттик кезде жаратылышта эс алуу учурунда таанышкан. Айгүл айым жолдошу камакта жаткан кезде нааразычылык акцияларына чыгып, ЖМКларга маек берчү. Жубайлардын айрым булактарда беш, айрымдарында төрт баласы бар экени айтылат. Бирок Айгүл айым маектеринин биринде беш баласы бар экенин, алардын бири жол кырсыгынан каза тапкан кайнисинин уулу экенин айтып берген. Жубайлар былтыр тун уулу Дастандан ажырап калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0