Жолдошумдун жатып ичерлиги көкөйгө тийди. Келиндин каты

© AP Photo / L.G. PattersonНоутбук менен колдонуп жаткан адам. Архив
Ноутбук менен колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына күйөөсүнүн бекер жаткандыгынан тажап, анын айынан үйдө уруш көбөйгөнүн айткан келин кат жазган.

Саламатсыздарбы! Ушул рубрикадан үй-бүлөлүк суроолор менен психологго кайрылгандарды окуп, мен да сиздерге өзүмдүн арыз-муңумду айтып кайрылууну чечтим. Биздин үйдөгү маселебиз жолдошума жана акча-тыйынга тийиштүү. Ортодо эки кызыбыз бар. Үйлөнгөнүбүзгө он жылдан ашып калды. Өзүм Таластын кызымын, бирок бишкектик жигитке турмушка чыккам. Жалгыз бала, кайындарымдын шаардын ортосунда үч бөлмөлүү үйү бар. Ата-энеси менен чогуу турабыз. Жолдошумдун кесиби программист. Аябай сабаттуу, билимдүү жигит, бирок эч жерде иштебейт. Башында ашып кетсе жарым жыл иштеп эле "менин деңгээлимдеги жумуш эмес экен" деп чыгып кетчү же айлыгы жакпайт. Ата-энеси жумуш таап беришет, ал жакта деле жарытып иштебейт.

Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты
Мурда кайнатам банкта иштеп, кайненемдердин акчасы менен жашагандыктан "эми, иштээр, азырынча көңүлүндөгүдөй жумуш табалбай жатат го" деп ойлочумун. Бирок ишенүүнүн да чеги болот экен. Азыркыга чейин туруктуу жумушу жок. Кайындарымдан акча сурай берүү жаныма батканда университетке жумушка чыгып кеткем. Менин маянам деле аз. Кыздарымдын бакчасына, кийимдерибизге эле жетет. Кыскасы, өзүбүздөн артпайт. Калган азык-түлүктөн баштап чыгымдын баары атам-апамдардын мойнунда. Бул кишилер да карып бара жатат. Канчага чейин булардын мойнунда отурабыз билбейм. Кайнатам баласын тилдегени менен менин алдымда өзүн күнөөлүү сезип калат. Акчанын айынан жолдошум экөөбүз өзүнчө үй-бүлө катары эч ким менен да катышпайбыз. Кыздарды бакчага жеткирип, кайра алып келгени болбосо күйөөмдүн кечке тиктегени компьютер менен телевизор болуп калды. Уятынан үйдөгү таштандыны төгүшүп, апам менен азык-түлүк алганы барат.

"Үйү бар, кайнатаңдар иштейт, сага эмне жетишпейт?" — деген туугандар да болот. Бирок күйөөңдүн айынан көз каранды болуп жашаган эң жаман экен. Жедеп ата-энеси уулун аяп, оозу-мурдуна тыга берип ак кол болуп калган деп ойлойм. Бирок кайненем күйөөсүнө көрсөтпөй баласына акча катып берип, болбой эле бапестеп турат. Жолдошум достору менен кээде мончого же бильярдга барып эс алат. Андайда мен да акча бербейм, кайнатамдан сурай албайт. Бирок энесинин акчасы менен барат.

Жолдошум экөөбүз да акыркы убакта көп урушчу болдук. Өмүр бою түйшүк тартамбы? Муну кантип жумушка көндүрөм. Кээде батирге чыгып кетсек, кыйналганда иштеп баштайбы деп ойлоп коём. Бирок өзүм да ага батына албай турам. Ушинтип ар кайсыны ойлоно берчү болдум. Кантип тарбиялоого болот? Деги эле мүмкүнбү?

Муратбек Султанбеков, "Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси:

—Бул келиндин катын окусак өтө деле чоң көйгөй жок. Мында убактылуу кризис камтылган. Илгертен эле бизде эркек кишинин милдети үй-бүлөсүн камсыздоо. Айрым өлкөлөрдө аял менен эркектин акча табуусун бирдей карашып, экөө тең укукта экени белгиленсе, кээ бир мамлекеттерде акча табуучу катары эркекти гана карайт. Ошондой эле ар бир үй-бүлөнүн өз ара мамилеси, түшүнүгү, келишими болот. Бул жубайлар деле он жыл мурда бири-биринин кайсы бир тарабын, мүнөзүн жактырып үйлөнүшкөн да. Баш кошордо жаштар бири-бирине көп учурда убада беришет. Бирок кээде алар турмуш-шартка, менталитетке жараша аткарылбай калат. Бул үй-бүлөнү алып карасак, келиндин күйөөсүндө акча табууга мотивация жок өңдүү. Муктаждык болуп калса апасы акча берип коёт экен. Иштебей калсам, эртең ачка калбайбызбы деген коркунуч жок. Каттын ээси да жолдошун акча табуу жөндөмү жокпу деп түйшөлүүдө.

Влияние социальной сети на жизнь подростков - Sputnik Кыргызстан
Элден качып, виртуалдык жашоого кирип кеткен кызымды кантип чыгарам? Эненин каты
Жолдошуңуз ата-энесине, сизге таянып алган. Андыктан акча табууга муктаждыгы жок. Негизи үй-бүлөдө ар кими өз милдетин аткарганы жакшы. Эч качан аял киши эркектин түйшүгүн, милдетин талашпашы керек. Көбүнчө күйөөлөр үйдө өзүн эркектей сезбей калганда — болгон күчүн ичкиликтен, аялына кол көтөрүүдөн же башка аялдарга баруудан чыгара баштайт. Аял киши да жолдошуна түрткү берип, анын ишке жөндөмүн ойготуп, мотивация берүүсү кажет. Ошондой эле ага үй-бүлө башчысы үйдөгү маселелер боюнча ата-энеси, жубайы да чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берсеңер дурус болмок. Ушундай жол менен акырындап анын ишенимин арттырууга мүмкүнчүлүк бар. Ал деле ойлонот.

Негизинен эркекти үй-бүлө башчысы катары ага ишеним көрсөтүп, колдогон оң. Антпесе, ал өзүн таштап, баалабай калат. Мунун аркасы менен ал эч нерсе менен иши жок, жанын багып эле жүрө бергенге өтөт. Каттын ээси да жолдошу менен сүйлөшүп, өзүнүн күнөөсүн да анализдеп көргөнү туура. Ошондой эле ата-энелер да балдарынын жүгүн ашыкча мойнуна илип албаганга аракет кылганы дурус.

Жаңылыктар түрмөгү
0