Эки жуманын ичинде кантип арыктаса болот? Фитнес-моделдин кеңештери

© Фото / Pixabay/ happyveganfitСпорт менен машыгып жаткан кыз. Архив
Спорт менен машыгып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушакова Жаңы жылга эки жума калганда сыр, сүт азыктары жана алма менен кивиден башка таттуу жемиштерден баш тартып коёрун билдирген.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. "Спартак" хоккей клубуна караштуу каналдын мурдагы алып баруучусу жана белгилүү фитнес-модель Юлия Ушакова өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу тез арыктоонун сырларын айтып берген. Моделдин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.

Фитнес-модель майрамдардын алдында бул кеңештердин кереги тиерин белгилеген.

Чашка чая - Sputnik Кыргызстан
Ачка болбой эле арыктоонун жолу. Диетологдун кеңештери
Ушакова Жаңы жылга эки жума калганда сыр, сүт азыктары жана алма менен кивиден башка таттуу жемиштерден баш тартып коёрун билдирген. Бул учурда көбүрөөк машыгып, Жаңы жылга туура бир жума калганда машыгуусун азайта турганын кошумчалаган.

"Майрамга бир апта калганда көбүрөөк эс алып, күнүнө эки литрден суу ичем. Күнүнө үч маал эле тамактанам. Майрамга 3-4 күн калганда жатар алдында тамакты тарта жейм. Тагыраагы, кечки тамактанууну эрте кылам", — деген ал.

Модель үч маал тамагынын рациону менен да бөлүшкөн.

"Эртең мененки тамакка эки даана жумуртка, авокадодон жасалган паста менен нан, семга жеп, кофе ичем. Түшкү тамакка үндүктүн этинен жасалган котлет жейм", — деген модель.

Модель кечкисин жеңил ысык тамак, чөп-чар аралашкан салат, жашыл алманын жарымын жеп, чай ичерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0